Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:06

ГРУЗИЯ ШАЙЛООГО ДАЯРДАНУУДА


2-ноябрда Грузияда парламенттик шайлоо өтөт. Көпчүлүк байкоочулар бул шайлоону президенттик ат салышуунун алдындагы көнүгүү катары баалап жатышат. Акыркы сурамжылоолор көрсөткөндөй, азыркы президент Шеварднадзенин бийлигин колдогондор аз. Оппозиция жетекчилик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого аракет кылат деп азыртадан эле айтууда.

Мурдагы советтик жумурияттардын ичиндеги эң жакыр өлкөлөрдүн бирине айланган Грузия саясий туруксуз кырдаалы менен да айырмаланат. Ошол эле мезгилде 5 миллион калкы бар бул Кавказ жумурияты Батыш үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ. Өлкө Баку-Тбилиси-Жейхан мунай ташуучу жолунун таманында жайгашкан. Аталган куур батыш мамлекеттеринин ири мунай компаниялары кирген консорциум тарабынан курулууда. Бул долбоор АКШ президенти Жорж Буштун администрациясынын колдоосуна ээ экендиги да белгилүү. Ушул себептен улам, аймактагы ар бир саясий окуяга эксперттер менен саясатчылар кунт коюу менен назар салышат.

Акыркы сурамжылоолорго караганда, 2-ноябр күнкү добуш берүүдө Шеварднадзенин өкмөтү кеңири колдоо ала албайт. Элдин көпчүлүгү өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктардын себеби - дал ошол өкмөттүн туура эмес башкаруусунда деген ойду карманышат. “Өкмөтчүл партиялардын рейтинги болуп көрбөгөндөй төмөн”, - дейт саясий аналитик Гия Нодия. “Эгерде оппозиция ишенимдүү жеңишке жетише албаса, анда Грузияда окуялардын мындай өнүгүүсү таптакыр мүмкүн эмес деп айтсак болот”, - деп улантат Нодия.

Өлкө конституциясына ылайык, азыркы мамлекет башчысы Эдуард Шеварднадзе дагы бир мөөнөткө шайлана албайт. 2005-жылкы президенттик шайлоодо анын ордун ким басаары, кандайдыр бир ченемде, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына жараша болот. Ушул тапта Шеварднадзенин мураскерлигине негизги талапкерлер катары президенттин мурдагы шериктери, парламенттин спикери Нино Буржанадзе, саясатчы Зураб Жвания жана мурунку юстиция министри Михаил Саакашвили аталууда. Алардан тышкары дагы бир саясатчы - кедейлердин таламдарын талашкандыгы үчүн Грузиянын “Робин Гуду” деген атка конгон Шалва Нателашвили президенттик орунга ат салышаарын билдирүүдө. Грузиядагы элдин пикирин сурап билүүлөр объективдүүлүгү менен айырмаланбайт. Ошентсе да, сурамжылоолорго караганда, Буржанадзе менен Жваниянын Демократиялык блогу жекшемби күнкү шайлоонун фаворити болуп калышы ыктымал. Андан кийин Саакашвилинин Улуттук Кыйымылы жана Нателашвилинин жумушчу партиясы жайгашышты. Өкмөтчүл “Жаңы Грузия” блогу үчүн негизги максат - парламентте орун алуу үчүн 7 пайыздык чектен өтүү.

Кабинеттин акыркы жыйындарынын биринде Шеварднадзе маяна, пенсия жана башка төлөмдөрдү калкка өз маалында төлөп берүүнү министрлерден талап кылды. Анын айтымында, бул - шайлоонун эң жакшы өнөктүгү болмокчу. Арийне, шайлоочулар үчүн бул кечиккен иш-чаралар калктын турмушун оңдоо үчүн жетиштүү эмес. Баш калаанын тургуну Леван Копертия: “Добушумду ким үчүн болбосун берем, бирок өкмөтчүл блокко эмес,” – деп шайлоочулардын бир бөлүгүнүн көз-карашын билдирди.

Оппозиция өкүлдөрү бийлик шайлоонун жыйынтыктарын бурмалаганга аракет жасайт деп азыртадан эле айтып, конкреттүү фактыларды мисалга келтирет. Оппозициялык партиялар Грузиянын элет жеринде өздөрүнүн үгүттөө иштерин жүргүзүп жаткан маалда эки ирет милиция менен кагылышуу чыгып кеткен. Айрым учурларда добуш берүүчүлөрдүн тизмесинен оппозицияны колдогон атуулдардын аттары алынып салган. Өкмөтчүл партиялар үчүн добуш бербесеңер иштен кууласыңар деп, бюджеттик кызматкерлерди коркутуп-үркүткөн учурлар да жок эмес.
“Ушундай ыкмаларды пайдалануу менен бийлик шайлоону фальсификациялоого даярданып жатат”, - деп ырастайт оппозиция лидери Саакашвили.

XS
SM
MD
LG