Ыйык Рамадан айынын алгачкы күнүндө Багдадда жан кечти террорчулар полициянын төрт кеңсесине Эл Аралык Кызыл Чырым уюмунунун имаратына чабуул коюп, 42 кишинин өмүрүн кыйышты. Расмий маалыматтарга караганда, чабуулдарда курман болгондордун сегизи жана жараат алган кишилердин 65и - Ирактын полиция кызматкерлери, калгандары - карапайым ирактыктар болгон. Чабуулдар эртең мененки саат 8:30да башталып, 45 мүнөт убакыттын аралыгында жасалган. Акыркы жардырудан көп өтпөй Ирактын полициясы анын дагы бир кеңсесине чабуул жасаганга аракеттенген бир кишини атып өлтүрдү.
Полициянын айтымында, жардыргыч заттарга толтурулган машине жарылбай калган соң, жанкечти террорчу машинеден түшө калып, машинеге гранат ыргытканга аракеттенген. Бирок ага үлгүрбөстөн өзү окко учкан. Террорчу полицияга "Силер сатылып кеткен чыккынчысыңар!",- деп кыйкырган. Террорчунун жанынан Сириянын паспорту табылган.
Эл аралык коомчулук дүйшөмбү күнкү кандуу калабаны кескин айыптады. Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Кофи Аннан Кызыл Чырым уюмунун кеңсесине жасалган кол салууну "адам баласына каршы жасалган чабуул" деп сыпаттады. Кызыл Чырымдын Багдаддагы кеңсесинин башчысы Пьер Гассман уюм шейшембиден баштап өлкөдөгү 30дай кызматкерин Ирактан чыгарып кете турганын жарыялады. Ошону менен бирге ал Иракта иштеп жаткан уюмдун кызматкерлеринин коопсуздугун кепилдөөнүн жолдорун издей тургандыгын, бирок АКШ аскерлеринин жардамын сурабай тургандыгын кошумчалады. Бирок, азырынча, уюмдун кызматкерлерин чыгарып кетүү чечими кабыл алына элек.
Кызыл Чырымдын өкүлчүлүгүнүн кызматкери Нада Доумани шейшемби күнү: "Азырынча чечим кабыл ала элекпиз. Бул өтө сезимтал маселе. Терең ойлонуп, салмактуу чечим кабыл алуу үчүн убакыт керек болот, эвакуация жөнүндө азырынча сөз кыла элекпиз", - деп билдирди.
Август айында Бириккен Улуттар Уюмунун Багдаддагы кеңсесине чабуул жасалгандан бери Кызыл Чырым уюму Ирактагы кызматкерлеринин санын кыскартып, өлкө боюнча 30дай эле жумушчусун калтырган. Дүйнөнүн ар кайсы региондорунда 140 жылдан бери соопчулук ишин жүргүзүп келаткан уюмга каршы өлкөдө биринчи жолу жанкечтилик чабуул жасалып отурат. Акыркы жылдарда Чеченстанда жана Ооганстанда ар түрдүү жагдайларда уюмдун бир катар кызматкери курман болду.
АКШнын президенти Жорж Буш акыркы кол салуулардын артында АКШнын абалды турукташтыруу аракеттерине бут тосууну көздөгөн адамдар тургандыгын айтат.
- Ирактагы прогресске кедерги болууну каалаган террорчулар эч кимди ылгабастан өлтүргөнгө даяр. Биз канчалык көбүрөөк жылыш жасаган сайын, айла- амалы түгөнгөн террорчулардын аракеттери ошончолук күч алмакчы. Биздин максат,- алардын баарын кармап, сот жообуна тартуу.
Расмий Вашингтон мындай чабуулдар менен террорчулар АКШны коркута албасын жана АКШ өз миссиясын аткармайын, Ирактан кетпей тургандыгын бышыктады. Бирок Россия акыркы күндөрдө орун алган окуялар Ирактагы бийлик тез арада ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилүүгө тийиш экенин дагы бир жолу айгинелегенин айтат. Россиянын тышкы иштер министрлиги ирактыктардын коопсуздугу үчүн Ирак өкмөтү өзү кам көрүүгө тийиш деп билдирди.
Дүйшөмбүдөгүдөй чоң чабуул Саддам Хусейин бийликтен кулатылгандан бери биринчи жолу жасалып отурат жана эми америкалык аскерлер эмес, алар менен кызматташып жаткан жаңы полициянын бутага алынып жатканы, Иракта америкалык баскынчыларга каршы партизандык согуш башталганын тастыктайт. Аптанын соңунда Басрада жардыргыч заттарды чыгарган эки жашыруун ишкананын табылганы, өлкөнүн ар кайсы чөлкөмдөрүндө каруу- жарактардын кампалары табылып калып жатканы – мындай жоромолго дагы бир айгине.
Президент Буштун Ирактагы соңку окуяларга ого эле оптимисттик баа бергенине каяша пикирин билдирген Нью Йорк Таймс гезити шейшембиде мындай деп эскертти:
"Президенттин бул чабуулдарды террорчулардын айла- амалы түгөнүп бараткандыгы деп сыпаттаганы чындыкка коошпойт. Ак Үй Ирактын башка чөлкөмдөрүндө ийгиликке жетишсе,- жетишкендир. Бирок Багдаддагы абалдын кооптуу кала берип жатканын ал мындан ары жымсалдай албайт. Америкалыктар дүйшөмбүдөгүдөй күндөрдүн дагы далайы болуп, жагдай мындан да оорлошу ыктымал экенин билип койуулары зарыл".
Шейшембиде Ирактын Фаллужа шаарында полициянын кеңсесинин жанында дагы бир жанкечти террорчу бомба салынган машинени жардырды. Анын айынан бир нече карапайым ирактык атуул курман болду. Ирактагы соңку окуялар гезиттин божомолу чындыктан алыс эмес экенинен кабар берет.