Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучердин айтымында, АКШ иштин юридикалык жагын комментарийлөө ылайыксыз деп эсептегени менен соңку окуялар Орусиянын мыйзамдары иргелип пайдаланылуудабы деген ойго түртүүдө. Кошмо Штаттар "ЮКОС"тун жетекчилиги менен орус бийликтеринин ортосунда тирешүүнүн курчуп бара жатканынан кабатырланат. Р. Баучер белгилегендей, Ходорковскийдин камакка алынышы Орусиянын чет элдик азыркы жана болочоктогу инвесторлорунун арасында шектенүүлөрдү жаратты. Орусиянын эң ири мунай компаниясынын жетекчиси, өлкөнүн эң бай адамы деп эсептелген М.Ходорковский өткөн ишембиде камалган. Ага "көз боёмочулукка барган", "салык төлөөдөн качкан" өңдүү бир нече айып тагылууда. М.Ходорковскийдин адвокаты болсо иштин саясий жүйөөсү бар деп эсептейт. Ал 7-декабрга белгиленген парламентик шайлоонун алдында, оппозициядагы айрым либералдык партияларды каржылап жаткан.