Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:32

ФЕЛИКС КУЛОВДУН ТУУЛГАН КҮНҮ, ЭСТЕЛИК ТАЛАШ, ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН УУРУЛАРЫ


Феликс Куловдун туулган күнүнө арналган материалдар кыргыз басылмаларында арбын жарыяланууда. Европа парламенти Кыргызстан адам укугун сактоо, сөз эркиндиги жаатында бир топ мүчүлүштүктөргө жол бергенин белгилеп, Ф.Куловду түрмөдөн чыгарууну өтүндү. Бишкектеги Медициналык академиянын алдындагы пластинация борборунун ишин тыкыр текшерип чыккан парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын кыргыз басылмалары кенен-кесир комментарийлешти. Бишкекте жайнаган таш эстеликтер тургузулду, эми эстеликке жер талаш чыкты. Президент А.Акаев өлкөнүн кышка даярдыгы начар экенин элес албай токпейил отурган чиновниктерин уяткарып, Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү.

Электр энергиясын уурдоо күчөп, маселени Коопсуздук кеңеши талкууга алганын 28-октябрдагы “Эркин тоо” гезити Аскар Акаевдин “Баарыңардын көңүлүңөр ток, а мен тынчсызданып жатам!” деген сөзүн келтирип, кеңири комментарий кылды. Анда жазылгандарга караганда, энергетиктердин дебитордук карызы 1-октябрга карата 2 млрд. 550 млн. сомду түздү. Быйылкы жылдын 9 айында 9 млрд. кВт/саат электр энергиясы өндүрүлсө, анын 2,5 миллиарды уурдалган. Бишкек шаарын жылуулук менен камсыз кылыш үчүн 6,5 млн. доллар талап кылынат.

Ички иштер министрлигинин күзөт полкунда миңден ашуун милиция кызматкерлери иштейт, алардын ар бирине 3700 сомдон которулат. Бирок ал акча колго тиерде 1000 сомго түшүп калганына нааразы болгон күзөтчүлөрдүн арызы шейшембидеги “Агым” гезитинде жарыяланган. Басылманын жаңы санында Эркин Пиримовдун “Кимдин-кимдин заманы, Ысмайылдын заманы” аттуу макаласында кыргыз чиновниктеринин бирөөнүн да уулу аскерге барып кызмат кылбаганы тууралуу сөз болот. Автордун маалыматы боюнча, белорус президентинин эки уулу аскерде кызмат өтөгөн, Сталиндин эки уулу согушка катышкан, Батыш өлкөлөрүндөгү мамлекет башчыларынын, королдордун балдары куралдуу күчтөрдө кызмат өтөшөт. Депутат ө.Текебаевдин мамлекеттик кызматка аскерде кызмат кылган жигиттерди гана алуу керектигин тастыктаган мыйзам долбоору өтпөй калды. Жакындан бери парламенттик комиссиянын көзөмөлүнө түшкөн пластинация маселеси Ж.Зарлыкбековдун “Хагенстин кара калпагы. Парламенттин “талпагы”” деген аталыштагы макаласында козголгон.

Ушул эле тема “Аалам” жана “МСН” гезиттеринин жаңы санында чагылдырылган. “Адам өлүктөрү сатылган күндө да ага Кыргызстандын мыйзамында, Кылмыш кодексинде эч кандай жаза каралган эмес”, деп жазат “Аалам” гезитинде Элнура Кулуева. «Медакадемияга келип түшкөн сөөктөрдүн тегерегиндеги талашка мыйзам сактоо органдары соңку чекитти коет окшоп калды». “МСН” гезитинде жарыяланган макаласында Рина Приживойт парламенттик комиссиянын жыйынтыгы кошумча текшерүү үчүн мыйзам сактоо органдарына берилгендигин, бул ишке тиешеси бар, айыптуу деп шектелген адамдарга каршы кылмыш иши ачылганын маалымдайт. Журналист Замир өсөров ушул эле гезиттеги макаласында Жогорку Кеңештин имаратынын батышындагы сейилбактын ортосундагы жер чоң талашка түшкөндүгүнө токтолгон. Анын жазганына караганда, Бишкек шаар башчылыгынын чечими менен ал жерге Таттыбүбү Турсунбаеванын ысмы берилген. Айтылуу актрисага эстелик коюуну жактырган бир топ инсандар өлкөнүн жетекчилерине кайрылуу да жолдошкон. Кыргызстандын улуу инсандарынын эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча президенттик комиссия шаар акимчилигинин чечимин жокко чыгарып, сейилбакка Курманжан датканын эстелигин орнотуу жөнүндө чечим чыгарган. Маселе азырынча так чечиле элек.

29-октябрда Феликс Кулов 55 жашка толгонун белгилейт. “Агым”, МСН”, “Аалам”, “Республика” гезиттеринде Ф.Куловун саясий ишмердигине арналган бир топ материалдар жарыяланды. “Мезгил баарын ордуна коет”, деп жазат “Республика” гезитинде Д.Умарова.

“Өзбек чегарачыларынын айрым иштери эл аралык укук талаптарына жооп бербейт, бирок ошого карабастан, коңшулук ынтымакты жолго коюшубуз керек”, деп белгилейт Кыргызстандын Чегара кызматынын жетекчиси Калмурат Садиев “Слово Кыргызстана” гезитинин шейшембидеги санында жарыяланган маегинде. К.Садиевдин айтымында, кыргыз-тажик чегарасында чегара режимин бузган 80ден ашуун адам кармалган. Парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны 2004-жылдын бюджети тууралуу мыйзамды биринчи окуудан соң кабыл алышканын шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезити маалымдады.

Орто билим жөнүндө аттестаттар начар жасалып, жогорку билимге ээ болгон 12 миң студент диплом алалбай жатышканын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG