Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

ИРАКТАГЫ АБАЛДЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ АРАКЕТТЕРИН АКШ УЛАНТАТ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/7C390497-48E8-4155-A7DB-9636C7805C66_w203.jpg 28-октябрда АКШ президенти Жорж Буш Вашингтон шаарында атайын маалымат жыйынын өткөрүп, акыркы күндөрдө Иракта ишке ашырылган бир нече террор аракети америкалык саясатты өзгөртпөйт деп билдирди. Президенттин айтымында, Ирак элин эркиндикке жеткирүү боюнча аракеттер уланат. Жыйында Буш Жакынкы Чыгыштагы абал тууралуу да өз пикирин айтты.

Президент Жорж Буш май айында Ирак согушу аяктады деп жарыялагандан бери, өлкөдө жүздөн ашык америкалык аскер курман болду. Август айында Багдад шаарында Бириккен Улуттардын өкүлү өлтүрүлдү, июлда Иракта күнүнө он-чакты куралдуу кагылышуу орун алса, августта алардын саны он бешке жетти. 27-октябрда болсо Багдад шаарында 45 мүнөттүн ичинде беш жардыруу болуп, алар кыркка жакын адамдын өмүрүн алып кетти, дагы эки жүздөй киши жараат алды. Төрт жардыруу полиция түйүндөрүнүн жанында болгон, бешинчиси Эл аралык кызыл чырым жана кызыл жарым ай уюмунун кеңсесинин алдында уюштурулган.

Бардык жардыруулар өз өмүрүн кыйган жан кечтилер тарабынан ишке ашырылган жана алтынчы жардырууга камданып жаткан бир жан кечти кармалды. Ал сириялык паспорту бар йемендик адам болуп чыкты. 28-октябрда президент Буш дагы Вашингтондогу Ак Үйдө журналисттер менен жолукканда, Иракта террор аракеттерин уюштурууга чет өлкөлүктөр катышып жатканын белгиледи: "Күнөөсүз адамдарга жасалган жан кечтилик чабуулдар бизди же Ирак менен Ооганстандын жарандарын коркута албайт. Алар өздөрүн өзү коргоп, өз алдынча башкаруучулук түзүүгө аракеттенүүдө. Бул чабуулдарды ким уюштурганын табууга биз бардык аракеттерди көрүп жатабыз, бирок мен айта алам - алар мурда бийликте турган БААС партиясынын жолдоочулары менен сырттан келген террорчулар".

Америкалык чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, акыркы мезгилде Ирактын аймагында өлкөгө сырттан келген жана саны төрт жүз адамга жеткен атайын террорчул уюм түзүлгөн. Алар өздөрү террор аракеттерине катышпаганы менен, аткаруучуларды кылдат даярдап-башкарып, террорчулардын ишин катуу көзөмөлдөп турат. Жан кечтилер болсо ар башка араб мамлекеттеринен алып келинет, алар Чеченстандан да келип жатышы мүмкүн, өмүрүн кыйгандардын туугандарына акчалай акы төлөнөт. Уюмдун иши жолго канчалык жакшы коюлганын - анын катардагы мүчөлөрү жетекчилер менен эч качан жолукпай, алар ким экенин билбегени эле көрсөтөт.

Ирактын убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү Самир Сумаидинин пикиринде, уюмга төрт жүздөн алда канча көп адам кирет болуш керек жана алар сөзсүз жергиликтүү эл менен да байланышкан, антпесе мынчалык көп террор аракеттерин даярдап ишке ашыра албайт болчу. Убактылуу өкмөттө ички иштер министри болуп иштеген Нури Бадрандын кеңешчиси Ибрагим Жунабинин айтымында, мурдагы президент Саддам Хусейндин кишилери өз убагында Усама бин Ладенге жана башка да террордук уюмдарга акчалай жардам көрсөтүп турган. Келерки күндөрдө болсо, Иракта дагы башка террордук чабуулдар болот деп күтүү мүмкүн.

Президент Буштун айтымында дагы Иракта азыр эл аралык террорчулук менен болгон согуштун алдыңкы майданы өтүүдө. Жакынкы Чыгыш маселесине кайрылып болсо, Буш - тынчтык жараянын алдыга жылдырууга Палестинанын эски гвардиясы тоскоолдук болуп жатканын айтты. Буштун пикиринде, мурдагы премьер-министр Махмуд Аббас террорчулар менен күрөшүүгө катуу бел байлаган, бирок ал кызматынан кетүүгө аргасыз болду, ал эми жаңы өкмөт азырынча анчалык аракеттерди көрө элек. Бирок Палестина жетекчилиги террорчулукту өзү ооздуктай албаса, эгемендүү мамлекет да түзө албайт.

XS
SM
MD
LG