Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

«ЖАШООНУН СЕРГЕК МҮНӨЗҮ» ОКУУ КИТЕБИНИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ТАЛАШКА ЧЕКИТ КОЮЛДУ


Борис Шапиро баштаган автордук жамааттын 1999-жылы мугалимдер үчүн чыгарган “Жашоонун сергек мүнөзү” аттуу окуу китеби айрым ата-энелердин нааразылыгын туудуруп, 4 жылдан соң соттук териштирүүгө негиз болуп берди. 29-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту китепти колдонуудан алып таштап, аны жазган авторлордон 5 млн. сом айыппул өндүрүп берүү жөнүндөгү доо арызын четке каккан чечим чыгарды.

Мугалимдер үчүн чыгарылган «Жашоонун сергек мүнөзү» аттуу окуу китеби жарыкка чыккандан төрт жыл өткөндөн кийин соттук териштирүүгө кабылышы - көпчүлүк үчүн биралдын табышмак, экинчи жагынан таң калыштуу окуя болду. Китепте көөнө улуттук каада-салтка туура келбеген осол жерлер бар экенин айтып, сотко доо арыз менен кайрылган Акин Токталиев анын себебин мындайча түшүндүрөт:

- Менин сотко кайрылуумдун себеби мындай болду. Мен Кыргыз элинин абийирин, арнамысын коргоо комитетинин төрагасымын. Ага көп кишилер арыз менен кайрылышат. Борис Шапиро жана башкалар Билим берүү жана маданият, Саламаттык сактоо министрликтери менен биригип, “7-класстан 11-класска чейин жыныстык катнаш кылсаңар болот” деп жазышкан экен. “Ушул туура эмес, кыргыздын адат-салтына туура келбейт” деп көп кишилер бизге кайрылышкан. “Биз Акаевге кайрылдык. Мыйзам чыгаруу жыйынына да, Эл өкүлдөр жыйынына да кайрылдык. Кайрылбаган жерибиз калган жок” дешет. Менин үйүмдө да ушул китеп үчүн тартыш болуп жаткан. Сотко июлда кайрылгам. Бирок кандайдыр-бир күчтөрдөн улам менин арызымды кабыл албай жатып, үчүнчү жолу берилгенде сот 4-августта кабыл алып, 20-августта ишти биринчи жолу караган. 6-октябрда сот бул ишке кайрадан кайрылып, карай баштады.

Кыргызстандын Билим берүү жана маданият министрлигинин жетектөөчү адиси Ырысаалы Темиралиев мугалимдер үчүн чыгарылган бул окуу китеби ушу тапта колдонулуп жатканын айтты. Бирок ал “бул китептин жыныстык мамилеге байланыштуу бөлүмдөрү кайрадан иштелип чыгышы керек” деген пикирде.

- Мына, статистика көрсөткөндөй, СПИД жана жыныстык жол аркылуу таралчу оорулар менен ооругандар көбөйүп жатат, - дейт Ырысаалы мырза. - Бул китеп азыркы учурдун талабына жооп берет. Аны алып коюшубуздун себеби - айыл-кыштакта жашаган элдин пикирин, арызын эске алдык.

Талашка түшкөн китептин автору Борис Шапиро дүйнөнүн байманалуу 8 өлкөсү СПИДге каршы күрөш үчүн атайын фонд түзүп, анын каржысы жыл сайын 10 млрд. долларга жакын акчаны түзөөрүн маалымдап, ошол акчадан Кыргызстанга да үлөштүрүлгөнүн айтты.

- Мактаныч болбосун, мен алынган акчанын канча экенин айтпай эле коеюн, - дейт Борис Шапиро. - Анткени канча акча экенин айтсам эле кимдир-бирөөлөрдүн напсиси козголуп кетиши мүмкүн. Акчага аралашсам дегендер чыгат экен. Биз КМШдагы башка өлкөлөргө караганда киши башына эсептегенде 2 эсе көбүрөөк акча алдык. Кийинки 2-3 айдан бери “Жашоонун сергек мүнөзү” китебине “жаштар менен өспүрүмдөрдү бузууда” деген айып тагылып, ага каршы катуу чабуул башталды. Пикиримди жашырбай эле айтып коеюн. Аягына чейин кармашууга даярмын. Биздин окуу китебибиз ар бир адам билүүгө тийиш болгон гана нерселерди үйрөтөт. Мына, маселен, Белорусияда ушундай эле окуу китебин чыгарышты, кыйла жерин биздин китептен алышты. Ушундай окуу китебин биринчи жазганыбыз үчүн сыймыктанчу элек. Эми минтип бармакты кесе тиштеп, акты ак, караны кара деп далилдегенге мажбур болуп отурабыз.

Талашка түшкөн китептин тагдыры оңуна чечилди. Борис Шапиронун маалыматы боюнча, “Жашоонун сергек мүнөзү” китебинин орусчасы жакында Алматыда 50 миң нускада чыгарылып, анын 10 миңи Кыргызстанга берилмекчи. Билим берүү жана маданият министрлиги ыйман сабагына ылайыкталган жаңы китеп чыгарууга аракет көрүп жатканы соттук териштирүү учурунда кабарланды.

XS
SM
MD
LG