"ЮКОС" мунай компаниясынын өкүлү Александр Шадриндин билдиргенине караганда, камакка кадимки акциялардын 53%ы алынган. Бул жаңылыктан соң эле Орусиянын баалуу кагаздар базарында "ЮКОС"тун акцияларынын баасы биртопко арзандап кетти. Аталган компаниянын негизги кожоюндарынын бири - Михаил Ходорковский өткөн ишемби күнү камакка алынган болчу. Ага "көз боёмочулукка барган", "салык төлөөдөн качкан" өңдүү бир нече айып коюлууда. Кабарларга караганда, Орусия президентинин администрация башчысы Александр Волошин
М.Ходорковскийдин камакка алынышына каршылык билдирип, кызматынан чегинген.
М.Ходорковскийдин камакка алынышына каршылык билдирип, кызматынан чегинген.