Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:06

ИРАК: АКШ АСКЕРЛЕРИ ЭРТЕ КЕТПЕЙТ, БИЙЛИКТИ ИРАКТЫКТАРГА БЕРҮҮ ЖАРАЯНЫ ТЕЗДЕТИЛЕТ


Иракта партизандык согуштун көрүнүштөрү сакталууда. Ишембиде өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында орун алган жарылуудан дагы эки америкалык жоокер мерт болду, Тикрит шаарынын жанындагы мунай кууру өрттөлгөн. Ирактагы коалициянын командачылыгы алдыдагы күндөрү терракттар дагы кайталынышы ыктымал экенин эскертти. Кечээ белгисиз топтор баракча таратып, ишемби, жекшембиде ирактыктарды өлкөдөгү оккупацияга "каршылык көргөзүү" күнүн өткөрүүгө чакырышкан эле. Мунун аралыгында АКШнын президенти Жорж Буш америкалык аскерлер Ирактан мөөнөтүнөн мурда кетпесин айтса, Багдаддагы америкалык администрациянын башчысы Пол Бремер бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп берүү жараяны тездетилээрин билдирди.

Ыйык Рамазан айынын башталышы Иракта катар-катар жасалган терракттар менен коштолгону белгилүү. Өткөн жекшембиде башкалаа Багдаддын борборунда, чет элдиктер туруучу "Рашид" мейманканасы ракета менен аткыланды. Мейманканада токтогондордун ичинде АКШнын коргоо министринин орун басары Пол Вульвофец да бар эле, бактыга жараша ал жабыр тартпады. Ал эми өткөн дүйшөмбү күнү төрт жанкечтинин удама- удаа жасаган жардырууларынан 30тан ашык киши өлүп, 200дөн ашуун адам жаракат болду. Анда бутага алынган жайлардын бири - эл аралык Кызыл Чырым комитетинин Багдаддагы кеңсеси эле. Бул окуядан улам Кызыл Чырым комитети Иракта өз өкүлдөрүнүн саны азайтаарын жарыялады. Бириккен Улуттар Уюму да коопсуздукка байланыштуу Ирактагы чет элдик кызматчыларын чыгарып кетүүдө.

Ал эми АКШнын жетекчилиги, асыресе президент Жорж Буш мындай терракттар америкалыктар Ирактагы вазийпасын улантуусуна жолтоо боло албасын, аларды өлкө демократиялык жолго ык койгонун көрө албаган күчтөр: экс-диктатор Саддам Хусейндин жактоочулары жана чет элдик согушкерлер жасап жатканын билдиришүүдө. Президент Буш ишемби күнкү радиокайрылуусунда америкалык аскерлер Ирактан мөөнөтүнөн мурда чыгарылбасын белгиледи. Буштун айтымында, аскерлердин эрте кетиши террорчулардын күчтөнүшүнө, АКШга карата коркунучтун көбөйүшүнө алып барат. Анткен менен Ирактагы негизги аскерий операциялар аяктады деп жарыяланган 1-Майдан бери эле АКШ 120дай жоокерин жоготуусу расмий Вашингтондун айткандарынан күмөн саноолорду жаратпай койгон жок. Вашингтондогу Жоржтаун университетинин окутуучусу, чалгын кызматынын отставкадагы полковниги Кеннет Эллардын пикиринде, АКШ баштаган коалиция Иракта мектептерди, ооруканаларды калыбына келтирүү, жергиликтүү полицияны уюштуруу, коом үчүн эркин чөйрөнү түзүү жаатында ийгиликке жетишкени менен, партизандык согуштун айынынан калкка коопсуздукту тартуулай албады. К.Эллард белгилегендей, азыркы учур үчүн маанилүү нерсе - президент Буш Ирактагы согуштун чоо-жайы, анын куну эмнеге тураары жөнүндө америкалыктарга чындыкты айтышы. Андан кийинки экинчи маанилүү нерсе – америкалык аскерлердин Ирактагы партизандык согуш менен алпурушууга даярдыгы.

Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун эксперти Энтони Кордисмен да жогорудагы пикирге кошулат. Анын көз карашында, эгер президент Буш америкалыктар менен ак ниет болбосо, Ирак согушундагы жеңишти жоготуп коюшу да мүмкүн:

- Биз соңку кол салуулардан кийинки жагдайды оңдоого толук жөндөмдүү болушубуз да мүмкүн. Бирок аны колдон чыгарып жиберишибиз ыктымал экендиги да факт. Андыктан Буштун администрациясы үчүн мындагы негизги нерсе- америкалыктарга чындыкты айтуусу. Бизде америкалык расмий өкүлдөрдүн реалдуулуктан алыс турганыбызды туюндурган ырастоолору арбын болду.

Энтони Кордисмендин пикиринде, президент Буш жана анын администрациясы Иракты калыбына келтирүү үчүн көп жылдар кетээрин жана ал жоготуулар менен коштолоорун элге эскертиши керек. Ошондой эле алар Саддам Хусейн кулатылгандан кийинки партизандык согушка даяр болбогонун моюнга алганы оң.
Мунун аралыгында, АКШ Сенаты президент Буштун администрациясы Ирактагы согушту актоо үчүн Саддам Хусейндин режими туудурган коркунучту апыртып жиберген эмеспи деген маселени, согуш алдындагы чалгындоо маалыматтарынын тактыгын иликтөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG