Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Жалалабадда дин маселеси боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы чыкты


ЖАЛАЛАБАД. 1-ноябрда «Тынчтыкты куруу» коомдук бирикмеси диний экстремизм жана диний ишенимди кысмакка алуу боюнча жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгын чыгарды. Социалдык сурамжылоого катышкандардын 78% Кыргызстандын Ош, Баткен жана Жалалабад облустарында диний экстремизм жайылып баратканын айтышкан. «Жумушсуздуктун айынан жаштар башка динге өтүп жатат» дегендер 16% түздү. Суралгандардын 46% акча үчүн айрым жаштар дин ишенимин алмаштырарын ырасташкан. Сурамжылоого катышкандардын 56% «диний секталардын коркунучу» бар дешет, бирок, секталардан эмне үчүн чочулоо керектигин алар түшүндүргөн эмес. «Дүйнөдөгү №1 террорчу» аталган Усама бен Ладенди 8 киши жактаган. Ал эми 49,6% адам Усама бен Ладендин ишине каршы. Бирок, сурамжылоого катышкандардын 30% бен Ладенге көңүл кош мамиледе. Ырасмий каттоодон өтпөгөн «Хизб ут-Тахрир» партиясынын идеясын жана иш-аракеттерин 8 адам колдоого алган. Ал эми 40% бул уюмга каршы, 24% болсо өтө каршы экенин айтышкан. Сурамжылоого тартылгандардын 33,4% өздөрүнүн жана тааныштарынын дин жаатындагы укуктары тебеленип, кысымга алынып жатканын белгилешкен.


Кабарлар топтомун Бишкектен Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG