Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Украинада миңдеген киши оппозициячыл партияны колдоп демонстрация өткөрүштү


Львов шаарында бийликтер жыйын залын берүүдөн баш тарткандан кийин, экс-премьер Виктор Ющенконун "Биздин Украина" партиясынын 15 миңдей колдоочусу көчөгө чыкты. Партиянын маалымат катчысы Татяна Мокридинин кабарлашына караганда, демонстранттар кечээ аймак акиминин кеңсесинин алдында жыйын курушту.
Мунун алдыңкы күнү Ющенконун миңдеген каршылаштары Донецк шаарында "Биздин Украина" партиясынын пландагы курултайын өткөздүрбөй коюшкан эле. Курултайда партия келерки октябрга белгиленген президенттик шайлоого карата стратегиясын тактап, аныктамак.

XS
SM
MD
LG