Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

ИРАККА КОҢШУ ӨЛКӨЛӨР ИРАКТАГЫ КЫРДААЛДЫ ДАМАСКИДЕ ТАЛКУУЛАШТЫ


Хаким Озген, Измир Иракка коңшу өлкөлөрдүн тишкы иштер министирлеринин Ирактагы абалга арналган чогулушу Сирийанын борбор калаасы Дамаскта айактады. Маанилүү бул жыйынга Ирактын убактылуу башкаруу кеңешинин тышкы иштер министри катышпады.

Дамаскта өткөрүлгөн саммитке Сирийага катар Түркийа, Сауд Арабийасы, Иран, Кувейт, Мисир жана Йорданийанын тышкы иштер министрлери катышты. Жыйында талкууланган негизги маселелер: Ирактын келечеги, Ирактагы соңку өнүгүүлөр жана террорго каршы күрөшүү болду. Чакырык жиберилгенине карабастан Ирактагы увактылуу башкаруу кеңешинин тышкы иштер министри Хошйар Зебари жыйынга келбеди.

Дамасктагы чогулуштан кийин жарийаланган орток билдирүүдө, БУУнун тийиштүү токтомдорунун жана эларалык келишимдердин, өзгөчө, 1949- жылда кол койулган Женева конвенсийасынын алкагында, Иракта коопсуздуктун жана туруктуулуктун калыбына салынуусуна окупатсийа жасаган тараптын жоопкерчилиги эскертилди.

Билдирүүдө ошондой эле, Ирактын территорийалдык бөлүнгүстүгү, эгемендүүлүгү жана сайасий бирдиктүүлүгүнө басым жасалып, Ирактын бөлүнүп кетүүсүнө алып баруучу ар кандай иш-чараларга жол берилбеси айтылды. Түркийанын демилгесине ылайык билдирүүгө камтылган 7- беренеде министирлер Ирак жеринде уйаланаган террорчул жана башкача куралдуу түзүлүштөрдүн аймактагы өлкөлөргө коркунуч туудуруп жаткандыгына айрыкча тынчсыздануу билдиришип, Ирактын башкаруу кеңешин мындай топторго каршы күрөшкө кол кабыш кылууга чакырышты.

Ирактын тышкы иштер министри Хошйар Зебаринин Дамаск саммитине катышпай койуусу, атүгүл чакырыка жооп кайтарып, сыпайыкерчилигин көрсөтпөгөнү, тышкы иштер министирлерин айабай нааразы кылды. Бирок, министрлер Түркийанын сунушу боюнча жыйынтык билдирүүгө “келечекте болуучу саммитке Ирактын өкүлүнүн да катышуусу күтүлөт” деген сүйлөм киргизилди. Айрым сайасий байкоочулардын пикиринде, Хошйар Зебаринин жыйынга катышпоосу АКШ менен байланыштуу. Анткени,- дешет алар.- Буштун жана коргоо министири Рамсфелдтин кийинки айткандарынан да даана көрүнүп тургандай, АКШ Ирактагы бийлигин аймактагы Иран жана Сирийа сыйактуу өлкөлөрдү кой, БУУ менен деле бөлүшкүсү келбейт.

Дамаск кайрылуусунун жыйынтык бөлүмүндө, Израил аймактагы окуйаларды өз пайдасына колдонуп, Сирийага кол салып жатканы үчүн айыпталат жана Сирийага колдоо билдирилет. Иранга коңшулаш мамлекеттердин тышкы иштер министирлеринин келерки жыйыны Кувейтте өткөрүлмөкчү.

XS
SM
MD
LG