Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:08

ГРУЗИЯ: ӨКМӨТЧҮЛ БЛОК ЧЫНДАП ЭЛЕ ЖЕҢДИБИ?


Грузияда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болду. Алгачкы көрсөткүчтөргө караганда, өкмөтчүл партиялардын блогу алдыда баратат. Бул элдин пикирин сурап билүүлөрдүн жыйынтыктарына карама-каршы келүүдө. Оппозиция өкүлдөрү болсо өкмөт шайлоонун жыйынтыктарын өз пайдасына бурмалады деген нааразылыгын билдирүүдө.

Грузияда бул шайлоого өзгөчө маани берилүүдө. Өлкө конституциясына ылайык, азыркы президент Эдуард Шеварднадзенин дагы бир мөөнөткө кызматта калууга укугу жок. 2005-жылы анын ордун ким ээлей турганы, кандайдыр бир деңгээлде, дал ушул парламенттик шайлоонунун жыйынтыгына байланыштуу болмокчу.

Добуш берүүгө чейнки сурамжылоолорго караганда, парламенттин спикери Нино Буржанадзе менен саясатчы Зураб Жваниянын Демократиялык блогу элдин кеңири колдоосуна ээ. Андан кийин мурунку юстиция министри, оппозициянын лидери Михаил Саакашвилинин “Улуттук Кыйымылы” жана Шалва Нателашвилинин Жумушчу партиясы жайгашышкан. Өкмөтчүл “Жаңы Грузия” блогуна добуш беребиз дегендердин саны өтө төмөн болчу.

Бирок эң алгачкы маалыматтарда дал ошол “Жаңы Грузия” блогу 33,8 пайыз менен алдыда баратканы айтылат. Саакашвилинин партиясы 20,5 пайыз менен экинчи орунда келатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нана Девдарияни шайлоонун алгачкы жыйнтыктары менен тааныштырды:

- Көрсөткүчтөр кечээтен бери өзгөрдү. Бирок баштапкы баланс сакталып калууда. Шайлоо участкаларынан улам жаңы маалымат келип түшүп атат. Ошондуктан чоң өзгөрүүлөр да болушу мүмкүн. Азыр болсо “Жаңы Грузия” биринчи келатат, Саакашвилинин коалициясы – экинчи орунда, андан кийин Жумушчу партиясы, Буржанадзенин Демократиялык коалициясы – төртүнчү жана бешинчи – “Жаңы укуктар” партиясы. Ушу тапта аталаган партиялар 7 пайыздык чекке канчалык жакын же алыс экенин айта албайм.

Добуш берүүдөн чыгып бараткан элди сурамжылоо да расмий көрсөткүчтөн бир топ айырмаланат. АКШнын ири фирмаларынын бири өткөргөн сурап билүүлөргө караганда, эң көп добуш оппозициялык “Улуттук Кыймыл” блогу үчүн берилген. Кыймылдын лидери Михаил Саакшвили “Өкмөт утулду. Аларды колдогондордун саны өтө аз болгондуктан, эми бийлик мыйзамсыз ыкмаларды колдонуу менен жыйынтыктарды бурмалоого аракет көрүп жатат. Мен калкка кайрылып, өз укуктарын коргоого чакырдым”, - деди. Баш калаа Тбилисиде дүйшөмбү күнү эртең менен эч кандай нааразылык чыгуулары байкалбаганы менен, тартип коргоо органдары күчөтүлгөн режимге келтирилди.

4 жарым миллион калкы бар бул Кавказ жумурияты Батыш үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ. Өлкө Баку-Тбилиси-Жейхан мунай ташуучу жолунун таманында жайгашкан. Аталган куур батыш мамлекеттеринин ири мунай компаниялары кирген консорциум тарабынан курулууда. Бул долбоор АКШ президенти Жорж Буштун администрациясынын колдоосуна ээ экендиги да белгилүү. Ушундан улам жекшемби күнкү шайлоо өңдүү саясий окуялар, албетте, батыш мамлекеттеринин көңүл сыртында калбайт. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Грузиядагы шайлоого 400дөй байкоочусун тарткан. Уюмдун шайлоо боюнча пикири азырынча угузула элек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нана Девдарияни добуш берүү начар уюшулганын моюнга алып, “Менимче, шайлоо өттү деп айтууга негиз бар. Мындан да жаман шайлоолорду көргөм”, - деген пикирин кошумчалады. Айта кетчү жагдай, добуш берүүнүн алгачкы сааттары бир топ баш аламадык менен коштолду. Айрым участкалар кечигүү менен ачылса, кээ бир шайлоочулар тизмелерден өздөрүнүн ысымдарын таба албай, үйлөрүнө кайтып кетүүгө мажбур болду. Мындай көрүнүш оппозицияга колдоосу менен белгилүү чөлкөмдөрдө өзгөчө көп байкалды. Эң кызыгы, шайлоонунун фавориттеринин бири Михаил Саакашвили да Тбилисидеги шайлоо участкасында өзүнүн атын таппаганын айтты.

Беймаалым калууну каалаган чет мамлекеттик байкоочунун пикиринде, өкмөт добуш берүүнүн жыйынтыктарын өз пайдасына бурмалоого координацияланган чара көрдү. “Грузиянын бүт аймагы боюнча добуш бере албай калган эл көп болду. Бул абдан олуттуу маселе”, - деген ойдо шайлоого көзөмөл жүргүзгөндөрдүн бири.

XS
SM
MD
LG