АКШнын президенти 1-майда Ирактагы согушту бүттү деп жарыялаган, ал эми июль айында ирактык партизандарды такмазалап, "Кана, бери чыгышсынчы, аларды бир жаңсыл кылганга биздин күчүбүз жетет" деген эле. Бирок Иракта америкалык аскерлер май айынан берки эң ири жоготууга учураган өткөн апта соңунда АКШ президенти лам дебеди. Анын ордуна Ак Үйдүн маалымат катчысы билдирүү жасап, "Биздин эркибизди эч ким сындыра албайт. Террорго каршы согуштун бул майданында биз жеңишке ээ болообуз", - деди. Ал эми Коргонуу Катчысы Дональд Рамсфельд чабуулду "трагедиялуу окуя" деп мүнөздөдү:
– Бул өтө кайгылуу күн болду. Согушта оор күндөр болот, тилекке каршы чыдашыбыз керек, (бирок) акыр-аягында биз жеңебиз.
Жекшембиде Багдаддан батышта америкалык аскерлерди ташып бараткан согуштук тикучма атып түшүрүлгөндө, 15 аскер набыт болуп, 20 чактысы жараат алды. Бул күнү ошондой эле дагы башка чабуулдарда бир америкалык аскер жана эки адис ажал тапты.
Анын аралыгында, Кошмо Штаттарында Буш администрациясынын Ирак саясатыны сындоо күч алууда.
«Иракта болуп жаткан окуялар менен администрациянын ырастоолору улам кайра эки ача чыгып, ишеним кризиси улам тереңдеп барат», - дейт Америкалык прогресс борбору деп аталган изилдөө институтунун өкүлү Давид Сирота.
Өткөн айда Вашингтон Ирактын оккупациясы тууралуу оң пикир түзүү кампаниясын баштаган, ошол эле убакта Рамсфельд өзү ички кат алмашууда Ооганстан менен Ирак "өтө узак жана оор саякат" болоорун жазды. Ал эми Буш өткөн аптада Ирак коркунучтуу жер экенин башынан эскерткенин айтып, "согуш бүттү" деген баштапкы триумфалдуу билдирүүсүнөн артка чегингендей болду.
Давид Сиротанын көз карашында, Жорж Буш америка элине чындыкты ачык айтып, азыркы саясатын башка өлкөлөрдөн көбүрөөк жардам алууга негизделген саясат менен алмаштырышы керек:
- Эгер Буштун администрациясы азыркы абалды улуттук коопсуздуктун же саясий стратегиянын жеңиши деп эсептесе, ал Ирактагы окуялардын (ачуу) чындыгын караманча билбейт.
Анын аралыгында, Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарында белгисиз куралчандар минометтон ок ачып, 11 жашар баланы жана дагы бир карапайым кишини өлтүрүштү. Калк жыш жашаган ооданда орун алган кол салууда дагы алты адам жарадар болгону кабарланууда. Ал эми АКШнын Ирактагы администратору Пол Бремер Багдадда пресс-конференция өткөрүп, Иракка кошумча аскер жайгаштыруу керектигин мындайча эскертти:
– Мен көпчүлүк уккусу келбеген бир нерсени айтмакчымын. (Муну америкалык шайлоочулар) жактырбай, мени жаман көрүшү мүмкүн. Биз ирак полициясына жана армиясына зарып күчтөрдү машыктырып жатабыз, (ага чейин) жакынкы мезгилде Иракта кошумча аскерге муктаж болушубуз мүмкүн.