Ооганстандын жаңы конституциясынын атайын комиссия тарабынан даярдалган долбоорунун нускалары 3-ноябрь күнү Убактылуу ооган өкмөтүнүн төрагасы Хамид Карзайга, Ооганстандын мурдакы падышасы Закир Шахка жана Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахимиге ырасмий түрдө тапшырылды.
Комиссиянын башчысы Нематулла Шахрани тарыхый салтанатта сүйлөп, мындай деди:
- Кудайга шүгүр! Биз бүгүн ,сиздердин баардыңыздардын алдында, ооган элинин улуттук мыйзамы-Ооганстандын убактылуу ислам бийлиги иштеп чыккан конституциянын долбоорун сунуш кылдык.
Конституциянын долбоорун жарыялоо Ооганстандын болочокку саясый түзүлүшүн жана исламдын коомдогу ордун аныктоону көздөй жасалган маанилүү кадам.
Эл аралык коомчулук колдогон Бонн келишимине ылайык, уруу аксакалдары жана бийлик өкүлдөрүнөн шайланган Лоя Жырганын мүчөлөрү конституциянын долбоорун келерки айда талкуулап, бекитиши керек. Конституция бекитилсе, 2004-жылдын июнь айында демократиялуу шайлоо өткөрүүгө мыйзамый негиз болот.
Бирок, БУУнун ырасмий адамдары менен бейөкмөттүк уюмдар түрдүү жаматтардын куралдуу топтору ортосундагы кагылышуулар жана өлкө түштүгүндө башын көтөрө баштаган талибдер шайлоого жолтоо болот дешип, азыртан кооптонушууда.
Германиянын БУУдагы элчиси Гюнтер Плөйгер да Ооганстан үчүн коопсуздук өтө маанилүү деп эсептейт:
- Өлкө үчүн эң үлкөн проблема – коопсуздук. Ансыз, шайлоого даярдык көрүү жана июнда шайлоону өткөрүү мүмкүн болбойт. Коопсуздук болбосо, саясый жана экономикалык кайра куруу өтө кыйын болору турган иш. Ушундан улам, бизди Бонн жараянына жараша коопсуздукту камсыздоо маселеси өтө тынчсыздандырат.
Плөйгер башындагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин делегациясы 2001-жылы кол коюлган Бонн келишиминин аткарылышын текшерүү максатында 2-ноябрда Кабулга келген.
Жаңы конституциянын долбоорунда президентке жана парламентке ашыкча көп бийлик берилет.Конституциялык комиссиянын мүчөсү Шукрия Барикзай айымдын сөзүнө караганда, сунуш кылынган долбоор боюнча Ооган президенти түздөн түз эл тарабынан шайланат.
Президент эки палаталуу парламент менен кеңешип туруп, өкмөт мүчөлөрүн дайындоого жана аларды отставкага кетирүүгө укуктуу. Парламенттин жогорку палатасынын мүчөлөрүнүн жарымын президент өзү дайындайт.
Премьер-министрдин орду долбоордо каралбаган.
Башмыйзамдын долбоорунда исламдын Ооган коомчулугу үчүн маанилүү экени гана белгинет жана мурдакы падыша Закир Шах “Ооганстандын атасы” деп айтылат.
Закир Шах дүйшөмбү күнкү салтанаттагы сөзүндө өлкө улуттук биримдикке жана тынчтыкка муктаж экенине токтолду:
- Мен, бул конституция Ооганстандын калкын токчулукка жана бактылуу жашоого алып барат деген үмүттөмүн. Мен, конституция ислам канондоруна жана демократияга негизделишин каалар элем. Кудайдан Ооганстандын элине жыргалчылык берүүсүн тилеймин.
АКШда жайгашкан адам укугун коргоочу Хьюман Райтс Уоч уюму Ооганстандагы кооптуу жагдай долбоорду кеңири талкуулоого жана конституцияны создуктурбай бекитүүгө тоскоолдук кылышы ыктымал деп эскертти.
Хьюман Райтс Уочтун Ооганстан боюнча адиси Жон Сифтон адам укугу жөнүндөгү беренени конституцияга киргизүүнү сунуш кылган Лоя Жыргага талапкер адамдарды лашкер башчылар менен алардын желдеттери коркутуп-опузалашканын “Азаттык” үналгысына бир нече күн илгери билдирген:
- Бул (конституцияны) ачык талкуулоого мүкүнчүлүк бербеди. Бул бир жактын гана-куралчандардын, күчү барлардын конституцияны жазуусуна өбөлгө түздү.
Хьюман Райтс Уоч октябрь айында өткөн сурамжылоолор да Карзайдын бийлигин тааныгысы келбеген лашкер башчылар менен согушчандар Лоя Жыргага талапкерлерди жана аймактардын өкүлдөрүн сөздү укпасаңар өлөсүңөр деп коркутушканын тастыктаган.