Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

“ЮКОСТУ” КУКЕС ЖЕТЕКТЕЙТ


Россиялык “ЮКОС-Москва” компаниясынын директорлор кеңеши башкарманын жаңы мүчөлөрүн шайлады.Төрагалык кызматка Семен Кукес бекитилди, эми ал бириккен “ЮКОССибнефть” компаниясынын да башчысы болуп калышы ыктымал. “ЮКОСтун” мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский шаршемби күнү кызматынан баш тартты, ал азыр камакта отурат.

Америкалык бизнесмен Семен Кукес мурда Тюмен мунай компаниясын жетектеп келген эле,бирок быйыл жайда “ЮКОСтун” директорлор кеңешине шайланып,ТНКнын башчылыгынан кеткен. Айрым маалыматтарга караганда,“ЮКОССибнефть” компаниясынын төрагалыгына да Кукес көрсөтүлүшү мүмкүн. ”ЮКОС” менен “Сибнефть” быйыл жыл башында кошулуп, бир компания болууну чечкен эле. Бириккен ошол “ЮКОССибнефтинин” жалпы жарнакчылары ушул айдын этегинде чукул жыйынга чогулуп, директорлордун жаңы кеңешин шайлайт, алар болсо башкармалыктын мүчөлөрүн жана анын төрагасын бекитишет.

Кукестин эки артыкчылыгы бар, - деп белгилейт бул окуяны комментариялап британдык “Файнэншл таймс”, - биринчиден, ал АКШнын жараны, мунун өзү россиялык прокуратуранын узун колун кыскартат; экинчиден, Кукестин жаңы кызматы “ЮКОСтун” чоң таңык акцияларына дама кылып жаткан Батыш компаниялары менен сүйлөшүүлөрдү жандантканга шарт түзүшү ыктымал.

“ЮКОСтун” мурдагы башчысы Михаил Ходорковский камакка алынгандан тартып эле Кукес анын ордуна келе турган реалдуу кандидат деп карала баштаган эле. Шейшемби күнү Ходорковский бизнес чөйрөсүнөн биротоло кеткенин жарыялап, “ЮКОСтун” төрагалык кызматынан баш тартты, натыйжада компанияга жаңы жетекчилерин шайлаганга туура келди. Кукестен тышкары башкармалыктын курамына дагы алты адам кирди.

Ходорковскийдин отставкасын комментариялап, британдык “Индепендент” жана америкалык “Вашингтон пост” гезиттери орус олигархтарынын эң бай өкүлү өзүнө саясий келечек камдагысы келип жаткан окшойт деп жоромолдошту. Балким, Ходорковский келечекте Россиянын президенти болгусу келер, ошондуктан ал камакта отуруп президент Путинди саясий эрөөлгө чакыргандай болду, деп көрсөтөт “Индепендент”. Ходорковский болсо өз билдирүүсүндө отставкасынын жөн-жайын баарыдан мурда компанияны жана анын өнөктөштөрүн Домоктун кылычындай орой төбөдө ойноктоп турган бийликтин дөөшүсүнөн куткарып калуу максаты менен түшүндүрдү.

Экинчи бир байкоочулар Ходорковскийдин отставкасын Кремлге багышталган элдешүү ишаарасына жоруп жатышат. Анын үстүнө президент администрациясынын жаңы башчысы Дмитрий Медведев да тергөө органдарына астамдап сын пикир айтканга үлгүрдү. Атап айтканда, ал прокуратуранын кызматкерлерин мындай учурларда мүмкүн болчу “экономикалык салака-сабырларды эске алып иш кылууга” чакырды.

Президент Путин өзү да администрациядагы өзгөрүүлөргө “ЮКОСко” байланыштуу иштердин аркасы тийгендигин моюнга алды. Жаңы дайындалган адамдарды ал либералдык,демократиялык көз караштагы, Россияда эркиндикти жана рынокту өнүктүрүүгө умтулган кадрлар деп сыпаттады. “ЮКОСтун” тегерегиндеги жагдайга токтолуп, бул жагынан Россиядагы кырдаал туруктуу рыногу калыптанган өлкөлөргө караганда да кыйла татаал экенин белгиледи жана башка өлкөлөрдө үлкөн байлыгы бар мындай адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылган учур али боло электигин эске салды. Ошону менен бирге Путин менчиктештирүү ишинин жыйынтыктарын кайра карап чыкканга караманча каршы экенин да ырастады. Менчиктештирүүнүн натыйжалары ойдогудай болбогон күндө да мындай кадамга барганга болбойт, - деп айтты Путин, - анткени мунун арты экономика, ал эми түпкүлүгүндө социалдык чөйрө үчүн олуттуу салакаларга алып келиши ыктымал.

Шейшемби күнү Россиянын башкы прокуратурасы Михаил Ходорковскийге коюлган айыптоо документин таркатты. Аны менен таанышкан байкоочулар прокуратуранын аргументтерине таянганда Россиядагы азыркы олигарх аттуунун баарын отургузуп салганга болот эле дешет. Германиялык “Ханделсблатт” гезитинин баасында, Кремлдин сүйгүнчүгүнө арзыган олигархтардын баары Ходорковскийдей эле алдым-жутумдук кылып, апкөйлүк менен байып-маарып алгандар, бирок орус мыйзамдары болгону Кремлге кырын салгандарга гана каршы курал болууда.

XS
SM
MD
LG