Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Кытай жакынкы 10 жылдын ичинде орбиталдык станцияга ээ болот


ГОҢ КОҢ. Кытай жакынкы 10 жылдын ичинде орбиталдык станцияга ээ болот. Бул жөнүндө өлкөнүн космостук учуулар борборунун башчысынын орун басары Ху Шиксяң Гоңкоң шаарында өткөн пресс-конференцияда кабарлады. Анын айтымында, Кытайдын келерки 10 жылдын ичиндеги негизги максаты - космонавты ачык космоско чыгаруу жана космостук кемелерди орбиталдык станция менен жалгаштыруу технологиясын өөрчүтүү. Космонавтын космоско өзү учурган үчүнчү өлкө болуп калган Кытай жакында өзүнүн космостук программасынын бир катар өңүттөрүн ачыкка чыгарды. Синьхуа кабар агенттигинин маалымдашынча, Кытай жакынкы үч-беш жылдын аралыгында Айга космостук аппаратын учурмакчы.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG