МОСКВА. Россиянын баш калаасында Израиль менен Россиянын өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп өттү. Кечээ кечинде Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон президент Владимир Путин менен, ал эми бүгүн эртең менен өлкөнүн тышкы иштер министри Игорь Иванов менен жолугушуп, «Жол картасы» деген тынчтык планды Улуттар Уюмунун резолюциясына байлоо ниетинен айнытканга аракеттенди. Шарон Касьяновго Израил планды ишке ашырууга карай олутуу кадам жасаганга даяр экенин, бирок өз жарандарынын коопсуздугуна келгенде мунасага барбай тургандыгын билдирди. Шарон Россияны Жакынкы Чыгыш тынчтык жараянына активдүү кийлигишүүгө үндөдү. Ал эми Касьянов болсо Россия тынчтык процессине мүмкүнчүлүктүн чегинде катыша тургандыгын айтты.