Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:19

АБАШИДЗЕНИН ПАРТИЯСЫ АЛДЫГА ЧЫКТЫ


Грузияда парламенттик шайлоонун жыйынтыктары дале саналып бүтө элек. Бейшемби күнү Ажариянын лидери Абашидзенин партиясы добуштардын саны жагынан алдыга чыгып, бирок жума күнү биринчи орунду кайрадан президент Шеварднадзенин блогуна алдырып жиберди.Алардын соңунан, борбордук шайлоо комиссиянын эсептери боюнча, “Улуттук кыймыл” партиясы келатат. Оппозиция ишемби күнү жааткерлери менен Тбилисиде кезектеги нааразылык акциясын өткөргөнгө камынууда.

Ажариядагы добуштардын натыйжасы жалпы саясий жарыштагы орундарды өзгөртө тургандыгын “Азаттыктын” мындан эки күндөй мурдагы программасында айткан элек. Ошол прогноз көп жагынан туура чыкты. Аслан Абашидзенин “Кайра жаралуу” партиясы Ажариянын өзүндө добуштардын 90 проценттен ашыгын алды, жалпы өлкө боюнча анын көрсөткүчү бейшемби күнү кечинде 22 процентке чукулдап барган эле. Бирок жума күнү борбордук шайлоо комиссиясына Грузиянын батыш чөлкөмүндөгү добуштардын эсеп-кысабын чыгарган документ келип түштү, натыйжада тизменин биринчи сабына кайрадан президент Эдуард Шеварднадзенин “Жаңы Грузия үчүн” партиясы чыкты. Бүткүл өлкө боюнча ушул мүнөттөргө чейин саналып бүткөн бюллетендердин эсебине ылайык, өкмөтчүл блок үчүн берилген добуштардын көрсөткүчү 24 процентке чукулдап барды, Абашидзенин партиясы куйрук улаш келатат, ал эми оппозициядагы “Улуттук кыймыл” үчүнчү орунга жылмышып кетти.

Иши кылып, Абашидзенин партиясы жалпы картинаны олуттуу түрдө өзгөрткөнгө жетишти. Демилге эми негизинен өкмөтчүл фракцияларга өттү. Ажариянын лидери жетектеген саясий блок өзүн түпкүлүгүндө президент Шеварднадзенин режимине оппозицияда турган лагерге кошот, бирок анын радикалдуу канатынан кыйла оолак турат жана ошондон улам өзүн байисттүү оппозиция деп атайт. Мындай позиция көп жагынан Шеварднадзе менен Абашидзенин жеке мамилесине багыныңкы: ажар лидери грузин президентинин ортодон кыл өтпөгөн кыйышпасы да эмес, ошол эле учурда анын омуроолошкан оппоненти да эмес. Экөө тең кызыкчылыктары дал келген кырдаалда тил табыша алышат. Ошону үчүн Шеварднадзе менен Абашидзенин бул жолку мунасасын оппозиция мамлекеттик төңкөрүшкө тете келген кутумдук деп баалады. Улуттук кыймылдын лидери Михаил Саакашвили ажар лидерин атүгүл феодалдык төбөлгө теңеп, Шеварднадзе менен кошо Абашидзенин да отставкага кетишин талап кылды. Алар биринчи орунга өкмөтчүл фракция эле эмес, башка альянс да дымактанып жатканын айтып, оппозицияны үчүнчү тепкичке түшүрүп салгысы келишет, деп айтты радикалдуу оппозициянын лидери. Түпкүлүгүндө алар шайлоонун натыйжаларын бирге бурмалашты,мунун өзүн биз бийликти будамай жол менен басып алуунун бир аракети катары баалайбыз, деп билдирди Саакашвили. Оппозициянын эсептерине ылайык, өкмөт шайлоодо толук утулду, бийликтин блогу 18,5 проценттен ашпаган добуш алды. Негизги оппозициялык партия – Улуттук кыймыл фракциясын болсо жалпы өлкө боюнча шайлоочулардын 28 проценти колдоду, бирок муну өкмөт моюнга алгысы келбей жатат, - деп айтты Саакашвили. Анын айтымында,адилеттикке жетүү үчүн оппозиция мыйзамдуу жолдор менен күрөшүн улантат. Ишемби күнү Тбилисиде,өлкөнүн башка ири шаарларында да нааразылык акциялары өткөрүлөт.

Президент Шеварднадзе оппозициянын кысымынан коркпой тургандыгын билдирүүдө.Ал эми ажар лидери Аслан Абашидзе болсо грузин өкмөтүн оппозициялык лидерлердин антиконституциялык аракеттерин токтотууга чакырды. Мыйзамдуу өкмөттү кулатууга чакырып жаткандар өз сөздөрү үчүн жооп берүүгө тийиш, деп айтты Абашидзе.

XS
SM
MD
LG