Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Орусиянын президенти В.Путин Францияга барды


Ал Италиядагы сапарын жыйынтыктап, Парижде бүгүн Франциялык кесиптеши Жак Ширак менен бейформал сүйлөшүү өткөрүүдө. Анда бир катар эл аралык маселелер сөз болмокчу. Кечээ Римде Путин менен жолугушуу маалында Европа Биримдигинин лидерлери Орусиянын Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кошулушуна колдоо көргөзүүгө сөз беришкен. Анын соңунда Италиянын премьери Сильвио Берлускони Орусиялык "ЮКОС" мунай компаниясына байланыштуу суроодон оолактап, Чеченстандагы согуш жөнүндө көпчүлүк маалыматтар жомокко окшошуп кетет деп жооп берген. Андан улам, Европа комиссиясы бүгүн Берлусконинин бул жеке пикирине эч убакта кошула албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG