Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:45

ЭЛ АРАЛЫК БАСМА ҮЙҮ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ БАСМА СӨЗДҮН КЕЛЕЧЕГИН КЕҢЕЙТЕБИ?


14-ноябрда Бишкекте эл аралык көз карандысыз басма үйү ачылат. Көпчүлүк эркин басылмалар бул көз карандысыз басма үйүнүн ачылышы менен басма сөз эркиндиги кеңейип, эркин гезиттердин тоскоолдуксуз чыгуусуна жол ачылат деп жатышат. Ошону менен бирге басма үйдүн иштөөсүнө бут тосуучу ыкмалар табылбай койбойт деп күмөн санаган журналисттер да жок эмес. Бул маселе 8-ноябрда «Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын көйгөйү жана келечеги» аттуу семинарда талкууланды.

Бишкекте ачыла турган эл аралык көз карандысыз басма үйү АКШнын мамлекеттик департаменти менен «Фридом хаус» эл аралык уюмунун «Басма үйү» аттуу долбоорунун негизинде курулду. Алар бөлгөн 800 миң долларга заманбап басма жабдуулары алынып келип, аны иштетүүчү адистер Швейцариядан атайын даярдыктан өтүштү. «Басма үйү» долбоорунун директору Майк Стоундун семинарда айткан маалыматына караганда, азыр басма үйү акырындап ишке киришип, бир нече гезитти сыноо иретинде басып жатат. Ал ачылгандан кийин кызматташууну каалаган редакциялардын гезиттерин толук баса баштайт. Долбоордун өкүлдөрү басмадан чыккан гезиттерди жер-жерлерге тезинен жеткирүү боюнча да өзүнчө программаны ишке ашырганы жатат. Мындай мүмкүнчүлүктөр кагаз, боек калбай калды деген шылтоо менен эркин гезиттерди баспай койчу монополист «Учкун» басмаканасына көз карандылыктан кутултат. Андан тышкары редакциялар гезит макетин басмаканага компьютер аркылуу жибере алат, ошондуктан бул жагынан тоскоолдуктар да азайат. Ушундан улам «МСН», «Республика», «Лица» гезиттери алгачкылардан болуп басма үйү менен кызматташууга ниеттенишүүдө.

Басма үйүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу «Лица» гезитинин баш редактору Бермет Букашева:

- Албетте, басмаканада болуп келген цензура токтойт. Экинчиден, доо арыздар боюнча сот гезиттерге айыппул салса, редакция аны төлөп бүтмөйүнчө «Учкун» басмасы гезиттерди басуудан баш тартчу. Эл аралык басмакана болсо соттун эч кандай чечимдерине карабай гезиттерди чыгарууга багыт алат деп жатышат. Мындай мүмкүнчүлүктөр эркин басылмалардын өнүгүшүнө жол ачат. Анан жаңы басмакананын кызмат көрсөтүү акысы да «Учкундун» баасынан өтө төмөн болот. Андан тышкары басмакана ээлери өлкөдөгү эч кандай саясатка киришпей, атаандаштыкты арттырып, анын негизинде бизнести өнүктүрүүнү көздөп жатышат.

Ал эми «МСН» гезитинин бөлүм башчысы Рина Приживойт кыргыз бийлиги бул басмаканадан эркин гезиттердин өз эрки менен баш тартышына түрткү берчү жолду табаарын же ал Кыргызстандын коопсуздугуна шек келтирип жатат деген шылтоо менен тоскоолдук кылаарын 7-ноябрда жазып чыкты.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү менен Регионалдык иликтөөлөр институту 8-ноябрда өткөргөн семинардын катышуучулары да эркин басмакананын ачылышы менен эле бардык тоскоолдуктар жоюлду деп эсептөөгө болбой тургандыгын баса белгилешти.

Семинарда андан тышкары Медиа кеңештин зарылдыгы барбы же жокпу деген маселе да козголду. Буга коомдо Медиа кеңешти бийлик өз кызыкчылыгына колдонуучу куралга айлантышы мүмкүн деген ойлордун пайда болушу түрткү берди. Медиа кеңештин мүчөсү, журналист Вадим Ночевкин анын максат тилектери тууралуу мындай маалыматын айтты:

- Келечек тууралуу алдын ала айтканга болбойт. Жеке мен өзүм Медиа кеңештин ишине таасир бере турган эч кандай аракетти көргөн жерим жок. Албетте, курал болуп кетиши да мүмкүн. Бирок, аны репрессиялоочу органга айландырууга эч кандай аракетти байкаган жерим жок.

Андан ары Вадим Ночевкин оюн минтип улантты:

- Эң башкы проблема мында турат: мына мен биздин мыйзамдар менен сот органдарынын практикасын салыштырып, биздин мыйзамдар журналисттер үчүн мина коюлган талаага окшош экендигин билдим. Журналисттер катардагы атуулдарга салыштырмалуу мыйзам чегинде укугу чектелген. Ошон үчүн эң ириде мыйзамдарды оңдоо керек.

Вадим Ночевкиндин айтымында, Медиа кеңеш ушундан улам журналисттерди так эмес маалымат тараткандыгы үчүн жоопко тартууну караган Кылмыш кодексиндеги беренени алып таштоо сунушу менен чыгып жаткандыгына токтолду.

Ал эми «Журналист» коомдук бирикмесинин президенти Кубан Мамбеталиев Медиа кеңеш эч кандай саясатка киришпей, өз милдетин көз карандысыз аткарса гана коомдо колдоого ээ болорун билдирди:

Саясий жолго түшүп алып, редакция редакторлорун чакырып «Туура эмес жазып жатасыңар, мамлекетке зыян келтирип жатасыңар» деп айта баштаса, анда, албетте, Медия кеңештин өмүрү кыска болот, жабылат. Саясий жолго түшсө соодасы жүрбөйт.
XS
SM
MD
LG