Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

АВИАБАЗАГА КОЛ САЛГЫСЫ КЕЛГЕНДЕР, КАМБАРАТА ГЭСин КУРУУ ПЛАНЫ, ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АБАЛ, ЭВФтин МИССИЯСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ


Жыргалбек Касаболотов, Бишкек Бул аптада Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Эл аралык антитеррордук коалициянын П. Ганси атындагы авиабазасын жардырууга аракет кылган үч кишини кармады. Бишкекке Азия Ѳнүктүрүү Банкынын жана Дүйнөлүк Банктын жетекчилери келип кетишти. Кыргызстанда Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) миссиясы өз ишин аяктады. Энергетикадагы оор абалдан улам президент бул тармак боюнча өзүнүн атайын өкүлүн дайындоого аргасыз болду.

Мындан бир аз күн мурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматы Эл аралык антитеррордук коалициянын П. Ганси атындагы авиабазасын жардырууга аракет кылган үч кишини кармаганы маалымдалды. Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмү азырынча кол салуу аракети тууралуу кеңири маалымат бере элек. Ал эми «Кыргызинфо» агенттигинин жазганына караганда, кол салууга даярдангандар «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү катары Пакистан менен Ооганстандын лагерлеринде атайын даярдыктан өтүшкөн экен. Авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмү базанын коопсуздугуна кам көрүп жаткандыгы үчүн кыргыз өкмөтүнө антитеррордук коалициянын атынан ыраазычылык билдирди.

Ал арада Дүйшөмбү шаарында Евразия Экономикалык Шериктештигинин (ЕврАзЭС) Энергетика боюнча кеңешинин жыйыны өттү. Анда Кыргызстанда Камбарата, Тажикстанда Сангтудин ГЭСтерин биргелешип куруу боюнча протоколго кол коюлду. Жыйынга Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Орусиянын жана Тажикстандын энергетика тармактарынын жетекчилери катышкан.

Кыргызстандын өзүндө болсо энергетика тармагы кризиске учураганы улам көбүрөөк айтыла баштады. Мисалы, «Кыргызгаздын» басма сөз кызматкери Асел Максутова жакында «Кыргызгаздын» Өзбекстанга карызы 11 млн. долларга жеткенин билдирди. Башкы прокуратуранын кызматкерлеринин айтымында, электр энергиясын уурдоого байланыштуу 18-октябрдан бери 43 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 17 млн. сом кайтарылды. Бирок дагы 950 млн. сомду кайтаруу милдети турат. Башкы прокуратуранын мыйзамдык актыларды аткарууга көзөмөл боюнча бөлүмүнүн башчысы Канат Аманкуловдун айтымында, мамлекеттик жооптуу кызматтагы адамдар электр энергиясы үчүн көп сумма карыз.

- Акимдердин, соттордун, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларынын жана прокуратура кызматкерлеринин электр энергиясы үчүн карыздары көп, - деди Канат Аманкулов.

Ал эми электр энергиясын уурдап пайдалануу 45% чыгып кеткендиктен, президенттин жардыгы менен Ош шаарынын мэри Жантөрө Сатыбалдиев президенттин энергетика маселеси боюнча вице-премьер-министр деңгээлиндеги атайын өкүлү болуп дайындалды. Ушунун өзү эле энергетика тармагы кандай абалда экенин көрсөтүп турат.

Бул аптада Бишкекке Азия Өнүктүрүү Банкынын президенти Тадао Чино келип, аны президент Аскар Акаев кабыл алды. Жолугушууда менчик секторду кредиттөө, өлкөнүн экономикасына түз инвестиция тартуу жана Борбор Азиядагы регионалдык кызматташтык маселелери талкууланды. Тадао Чино премьер-министр Николай Танаев менен да жолугушту. Ага удаа эле Бишкекке Дүйнөлүк Банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Шигео Катсу алгачкы иш сапары менен келди. Келген күнү Шигео Катсу президент Аскар Акаев жана премьер-министр Николай Танаев менен жолугушту. Президент А. Акаев жолугушууда Кыргызстандын экономикалык өсүш темпи 5% ашык экендигин, жыл этегине чейин ушул абал сакталаарын белгиледи. Дүйнөлүк Банк мамлекеттик башкаруунун негиздерин бекемдөөнү, менчик секторду жана негизги кызмат көрсөтүү тармагын колдоо максатында 2003-2006-жылдарда иштей турган программанын алкагында Кыргызстанга колдоо көрсөтүүдө.

Мындан тышкары, Кыргызстандын эң ири донорлорунун бири болгон Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жакында келген миссиясы бул күндөрү өз ишин аяктады. Ал Кыргызстандын экономикалык өсүшүнө жардамдашуу жана жардылыктан арылуу боюнча 3 жылдык программанын аткарылышынын экинчи жылдагы абалын иликтеди. Миссия башчысы Тапио Саавалайнендин сөзүнө караганда, программанын өткөн эки жылы жакшы жыйынтыктарды берди. Фонд кыргыз өкмөтү менен программанын 3-жылы тууралуу макулдашууга да жетишти.

- Бүгүн биз акыркы жолугушуу өткөрдүк жана ЭВФтин «Жакырчылыкты азайтуу жана экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү» программасынын 3-жылы тууралуу макулдашууга жетиштик, - деди миссиянын жетекчиси Тапио Саавалайнен журналисттерге.

Бул аптада Баткен облусунда элге да, малга да жугуштуу илдеттер тарай баштаганы тууралуу маалыматтар келип түштү. Акыркы маалыматтар боюнча, облуста ич келтеге кабылгандардын саны 38 адамга жетти. Ал эми облустук ветеринария башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, жалпысынан облустун аймагында 28 баш бодо мал шарп тийип, ылаңдай баштады. Азыр илдет жайылып кетпеши үчүн ылаң чыккан жерлердин бардыгында карантин жарыяланып, мал базарлар жабылып, малды айдап чыгууга, эт-сүт азыктарын сатууга тыюу салынды.

XS
SM
MD
LG