Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:52

ЭР-РИЯДДАГЫ ТЕРРАКТЫН АРТЫНДА ЭМНЕ ЖАТАТ?


Дүйнө коомчулугу Сауд Аравиясындагы терракты кескин айыптоо менен террорчулукка каршы күрөштө өз жардамдарын сунуш кылышты. Саудия бийликтери террорчулар өлкөнү дестабилдештире албасын билдирип жатат. Алар менен катар АКШнын администрациясы да ишембиден жекшембиге караган түнү жасалган терракт ал-каидачылардын колунан келген иш деп эсептейт. Мамлекеттик катчынын орун басары Ричард Армитеждин айтымында, "ал-Каида" Саудия падышасынын үй-бүлөсүн бийликтен четтетүүнү көздөөдө.

Саудиялыктардын үрөйүн учурган бул терракт мусулмандар үчүн ыйык Рамазан айынын учурунда ишке ашырылганы жана бутага арабдардын өзү алынганы менен өзгөчөлөнүп олтурат. Анткени курман болгон 17 жана жаракат алган 120дан ашуун кишинин дээрлик баары жергиликтүү эмес арабдар. Саудиянын башкалаасы Эр- Рияддын терракт жасалган "Мухайа" турак –жай комплексинин жашоочулары арасында жергиликтүүлөрдөн тышкаары бул жакка четтен келип иштеп жаткан арабдар арбын эле. Андыктан, бейкүнөө арабдардын арасында кыргын салуу менен террорчулар эмне максатты көздөп жатат деген мыйзамдуу суроо туулбай койбойт? Бул ирээт да терракты жанкечтилер жардыруучу зат жүктөлгөн автоунаанын жардамы менен аткарышкан. Күбөлөрдүн айтымында, автоунааны турак-жай комлекстин ичине Саудия коопсуздук кызмат өкүлдөрүнүн кийимин кийип алган адамдар айдап келишкен экен. Быйыл май айында эле Эр-Риядда азыркыдай мүнөздөгү терракт жасалып, бирок бутага Батыш өлкөлөрүнүн жарандары жашаган, жакшы кайтарылган турак –жай комплекси алынган болчу. Анда 35 киши, анын ичинде АКШнын сегиз жараны каза тапкан. Расмий Эр-Рияд да, АКШ да азыркы терракт үчүн жоопкерчиликти дароо эле "ал-Каида" уюмуна жүктөштү. Саудия бийликтеринин ишениминде, жардырууну "ал-Каида" менен байланышы бар согушкерлер жасады. Мындай жоромол "ал-Каиданын" Саудия бийликтеринен өч алчыдай жүйөөсү бар экени менен да байланыштырылууда. Башында расмий Эр-Рияд өлкөдө "ал-Каиданын" очоктору жок деп жүргөн эле, бирок кийинчерээк ал бар экенин моюнга алып, исламчыл согушкерлерге каршы күрөштү активдештире баштаган. Буга АКШнын кысымы да түрткү бергенсиди. Себеби, 11-сентябрдагы терракттарга катышкандардын басымдуу бөлүгү саудиялыктар болуп чыкканы маалым. Өлкөнүн Британиядагы элчиси, мурда Саудиянын чалгындоо кызматын башкарган ханзаада Турки ал-Файсал азыркы терракт акыркы убактарда катуу куугунтукка кабылган террорчулардын аргасы түгөнгөнүнүн белгиси дейт:

- Биз акыркы алты айдын ичинде бул адамдарды издеп, табуу жаатында жетишкен ийгиликтерден кийин да алар бир нерсеге жөндөмдүү экенин көргөзгүсү келүүдө. Бул жерде көп камоолор болду, көптөгөн курал жарактар, ок-дары, жардыруучу заттар табылды. Андыктан, бул адамдар айласы түгөнгөн абалда жана алар колго тийгендин баарына сокку урууга даяр.

Айтор, арабдарга каршы багытталган террактан кийин Саудия бийликтери оор абалда калганы жашыруун эмес. Анткен менен өлкө дипломаттары жана расмий өкүлдөрү террорчулар мындай аракеттери аркылуу калкты будуң-чаңга түшүрө албасын билдиришүүдө. Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитеж террорчулукка каршы күрөш маселелерин талкуулоо максатында Эр –Риядда болуп, соңку терракт "ал-Каиданын" акыркы эле аракети болбосун эскертти.

Жергиликтүү "ал-Арабия " телканалына берген маегинде Ричард Армитеж "ал-Каида" Саудиядагы падышалык үй-бүлөнү бийликтен четтетүүнү көздөп жатканын белгиледи:

- “ал-Каида” Сауд Аравиянын падышалык үй бүлөсүн жана өкмөтүн кулатууну каалары мен үчүн ачык эле көрүнүп турат.

АКШнын соңку эскертүүлөрү бул ирээт туура чыкканын да кошумчалай кетүү керек. Себеби Вашингтон өткөн жума күнү эле террор коркунучу бар экенин эскертип, Саудиядагы элчилиги менен консулдуктарын убактысынча жапкан. Айрым батыштык эксперттер да Эр-Рияддагы террактан бийликке каршы күрөштүн белгисин көрүшүүдө. "Мунун Батышка каршы күрөш менен эч кандай байланышы жок, бул -Саудиядагы бийликке каршы моблизацияны чыңдоо аракети",- деди терроризм маселесине адистешкен британиялык эксперт Магнус Ренсторп "Рейтердин" кабарчысына.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG