Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

ГРУЗИЯ: 1992-ЖЫЛКЫ СЦЕНАРИЙ КАЙТАЛАНАБЫ?


Грузияда бийлик менен оппозициянын тирешүүсү уланып жатат. Жекшемби күнкү сүйлөшүүлөрдө тараптар бир мунасага келе алышкан жок. Өлкөнүн коргоо министри “кырдаал контролдон чыкты” деп билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы болсо нааразылыктын себеби болгон парламенттик шайлоонун толук жыйынтыктарын чыгара элек.

Жекшемби күнү кечинде грузин президенти Шеварднадзенин резиденциясында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин оппозиция лидери Михаил Саакашвили парламенттин маңдайына чогулган 5 миңге чукул демонстрантка кошулду.

Саакашвили:
- Эки саатка созулган натыйжасыз жолугушууну таштап, элиме кайтып келдим. Мен аларга президент, тилекке каршы, мунасага барууну каалабай турганын, түзүлгөн кырдаал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр эместигин айтаар элем. Андыктан биз Грузиядагы демократия үчүн мыйзамдуу күрөшүбүздү улантышыбыз керек.

Демонстранттар президент шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгармайынча жана ал бийликтен кетмейинче нааразылык акциясын токтотпой тураарын айтышууда. Бирок Тбилисиден алынган соңку маалыматтарга караганда, сууктан улам, түн ичинде алардын саны кыйла суйулду.

Ал эми Шеварднадзе, тескерисинче, оппозиция менен диалог пайдалуу болгонун жана ал уланат деген үмүтүн билдирди. Саакашвилини кооптуу адам катары сыпаттаган президент Шеварднадзе мындай деди:

- Мен өз ара баарлашууга башка оппоненттеримди да чыкырдым. Келгиле, маселени чогуу талкуулайлы дедим. Михаил Саакашвилиге да кайрылдым. Бирок ал жыйырма-отуз жаш баланын колдоруна желектерди карматып койуп, менин отставкамды талап кылдырууну артык көрөт. Бул анын иши эмес. Муну Грузия өзү чечиши керек. Азыркы президент бүткүл Грузия тарабынан шайланган.

Мамлекет башчы ошондой эле шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу соттун прерогативасы экенине басым жасады.
Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун толук жыйынтыктарын жарыя кыла элек. Алдын ала натыйжалар болсо “Жаңы Грузия үчүн” аттуу өкмөтчүл блок алдыда келатканын көрсөтүүдө. Комиссиянын соңку маалыматына ылайык, процедуралык мыйзам бузуулардан улам, шайлоо участкаларынын 10 пайызында 16-ноябрда жаңы шайлоо өткөрүлмөкчү. Бирок жаңы добуш берүү жалпы картинага таасир тийгизе тургандай эмес.

Шайлоонун жыйынтыктары бурмаланды деген талап менен чыккан эл, Шеварднадзенин бийлигин өлкөдөгү коррупция, жакырчылык, жашоо стандарттарынын төмөндүгү үчүн да айыптоодо.

Дээрлик бир аптадан бери уланып келаткан нааразылык митингтери азырынча тынчтык жолу менен өтүүдө. Бирок Грузиядагы кырдаал бычак мизинде ала салып келгенин эске алганда, окуялар мындан ары да ушундай нукта уланат деп эч ким кесе айта албайт.
Жекшембиде Грузиянын коргоо министри Давид Тевзадзе жагдай контролдон чыкканын белгиледи.
Бирок армия кырдаалга кийгилишеби деген суроого министр түз жооп берген жок. “Окуялар кантип өнүгөт азырынча ачык эмес. Ар бир убакытта ар кандай механизмдер бар. Алардын кайсынысын тандап алабыз убакыт көрсөтөт”, - деди Тевзадзе.

Мындай массалык митингтерге Грузиянын баш калаасы акыркы жолу 1991-жылы декабр айында күбө болгон эле. Анда өлкөнүн ошол кездеги президенти Звияд Гамсахурдия менен болгон конфронтация граждандык согушка алып келген эле.

Азыркы кризис эмне менен бүтөөрүн убакыт көрсөтөөр. Азырынча айрым аналитиктер мунай ташуучу ири куурдун таманында жайгашкан Грузиядагы саясий стабилдүүлүккө кызыкдар Батыш окуялардын 13 жыл илгерки сценарий менен өнүгүүсүнө жол койбоорун айтышат.

XS
SM
MD
LG