Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

ЕВРОПА БИРИМДИГИНЕ ОН ЖЫЛ


Европа Биримдиги түзүлгөнүнө он жыл толду. Тактап айтканда, ага чейин Жалпы соода, андан кийин Европа Коомчулугу деп аталган уюмга мүчө өлкөлөр байланыштарды андан да бекемдеп, Евросоюз түзүү жөнүндөгү келишимге кол койгонуна он жыл айланды. Айрым эксперттер ошондон тарта "атына жараша заты өзгөрүп", Евросоюздун алкагында европалыктардын жашоо турмушу, келечеги деген түшүнүктөр калыптана баштаганын айтышат.

Албетте, Европалык эркин соода аймагы, же Жалпы базар деген аталыштар эң ириде экономикалык биримдик, карым-катнаштан кабар берчү. Андан кийинки Европа Коомчулугу деген аталыш ага караганда кеңири тармактардагы жалпылыкты белгилеген. Мындан он жыл илгери Европа Биримдиги деген аталышка көчүү менен ага мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кызматташтыкты андан ары чыңалтууну көздөшкөн. Иш жүзүндө алар каалагандай болдубу?

Азыр Европа Биримдигине мүчө 15 өлкө бардык маселелерде жалпы пикир таба алат деп айтуу кыйын. Атүгүл Евросоюзга мүчө өлкөлөрдүн ич ара атаандаштык, келишпестиги да жок эмес. Келээрки жылы Евробиримдикке дагы 10 жаңы мамлекет кошулса, ортодогу кыйынчылыктар арбый түшөрү талашсыз. Алардан башка Евросоюзга кирүүнү каалаган дагы башка талапкерлер кезек күтүп турушканын да эске алуу керек.

Андан улам Бонндогу Европалык интеграция борборунун изилдөөчүсү Петер Зервакис Евробиримдикти алдыда дагы далай татаал кечүү, тайгак жол күтүп турганын айтат.

- Алдыдагы жол татаал, анткени Европа Биримдиги - мурда болуп көрбөгөндөй жаңы шериктештик. Аны адамзат тарыхындагы кандайдыр башка биримдик менен салыштырууга болбойт, мындай союз болуп көргөн эмес.

Ал Европа Биримдигин ага кирген өкмөттөр кайсы бир маселелерде улуттук эгемендикти оозангандан көрө өнөктөш өлкөлөр менен биригип аракет кылууну туура көргөн мамлекеттер уюшмасы катары сыпаттайт. Зервакистин айтымында, Евросоюзда мындай принципке баш ийбеген мүчөлөр болбой койгон жок, мисалы Греция ондогон жылдар бою Биримдикке адашып кирип кеткен саякатчы кейиптенип отуруп, 90-жылдардын башында гана толук кандуу өнөктөш болууга чамынганын билдирди. Байкоочулар келээрки жылы Биримдикке мүчө болгону калган Польша баарыдан мурда улуттук кызыкчылыкты алдыга коерун кайталап, мурдагы Грециянын жолуна түшүп баратканын айтышат.

Ошентип, эң башында 1951-жылы Европада келечекте кандуу согуштарды болтурбаш үчүн Германия менен Франция табигый ресурстарын биргелеше иштетүүнү чечип түзгөн алгачкы биримдик андан кийин экономикалык жактан кеңейип отуруп, он жылдан бери саясий жана башка жалпылыкты алдыга койгон Евросоюзга айланды. Брюсселдеги Европалык саясий изилдөөлөр борборунун аналитиги Себастьян Курпас Биримдиктеги башкы проблемаларга төмөнкүдөй токтолду:

- Азыркы тапта Евробиримдиктин өзөгү - тышкы саясат жана жалпы коргонуу саясаты десек болот. Бирок, дал ушул эки маселеде көпчүлүк өкмөттөр өз улуттук кызыкчылыктарынан чыга албай, орток пикир табууга даяр эмес экенин Ирак кризиси көрсөтпөдүбү. Евросоюзда бул маселелерди координациялап, орток көз карашты издей турган курал, же мекеме жок.

Андан сырткары Евробиримдиктин алдында алгачкы орток конституцияны кабыл алуу, аткаруу институттарын кеңейтилген Евросоюздун шарттарына шайкеш келтирүү, алардын ишин реформалоо өңдүү ири пландар бар. Көп жылдар талкуулап, акыры бирдиктүү валюта - еврону колдонууга киргизип, үзүрүн көрө баштагандай, балким, Евросоюздун алдыдагы дымактуу саясий пландары да шыдыр турмушка ашып калышы да ажеп эмес дешет байкоочулар.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG