Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

«СОРОС-КЫРГЫЗСТАН» ФОНДУНУН ТҮЗҮЛГӨНҮНӨ 10 ЖЫЛ БОЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда «Сорос» фондунун иштегендигине 10 жыл болду. Ушул күндөрү бул мааракеге арналган маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Америкалык белгилүү филантроп Жорж Соростун фонддору жалпысынан ачык демократиялуу коомду куруу максатын көздөйт.1993-жылы түзүлгөн “Сорос-Кыргызстан” фондунун вазийпасы да өлкөдө ачык коомду курууга зарыл шарттарды түзүү болуп эсептелет. Мындай максатка фонд коомдук институттарды өзгөртүү жана коомдун ар кандай тармактарындагы демилгелерди колдоо аркылуу жетишүүгө аракет кылып келет.

Өткөн 10 жылдан бери фонд өлкөнүн ар кандай тармактарындагы маселелерди чечүүгө багытталган программаларды ишке ашырып келатат. Маселен, “Маалымат каражаттарын колдоо» программасынын алкагында фонд Кыргызстандагы эркин маалымат каражаттарын өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө. Бул программанын чегинде ал журналисттердин адистик деңгээлин жогорулатууну, Кыргызстандын регионалдык маалымат каражаттарынын ордун жогорулатууну көздөйт. Ал эми «Бейөкмөт уюмдарды колдоо» программасында ал укуктук, социалдык маселелерди чечүүгө аракет кылат. Мында элет жериндеги социалдык-экономикалык абалды жакшыртууну көздөгөн бейөкмөт уюмдарды колдоо, ал аркылуу түбү келип элеттеги турмушту жакшыртуу башкы максат болуп эсептелет.

«Сорос-Кыргызстан” фондунун колдоосу менен азыр өлкөдө ондогон бейөкмөт уюмдар жана маалымат каражаттары иштешүүдө. Ушу тапта фонддун көңүл борборундагы маселелерге саламаттык сактоо, билим берүү, интернетти өнүктүрүү, коомдук өз алдынча башкаруу, укуктук реформа тармактары кирет.
«Сорос-Кыргызстан» фондунун аткаруучу директору Медет Төлөгөнов:

- Акыркы 3 жыл ичинде фонддун башкармалыгы тарабынан артыкчылык берилген жаңы багыттар тандалып алынган. Бул, биринчиден - атуулдук коомдун институттарын өнүктүрүү. Башкача айтканда, бейөкмөт уюмдар менен маалымат каражаттарынын өнүгүшүнө көмөктөшүү. Экинчиден, укуктук реформаларды жүргүзүүгө жардамдашуу. Ал эми үчүнчү багыт - коомдук саясаттын өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү. Бул багыт коомдогу жана мамлекеттик органдардагы белгилүү бир маселелерди чечүүнүн жолдорун табууну максат кылат.

Ал эми фонддун жаңы багыты катары өлкөдөгү экономикалык реформаларга жардам көрсөтүүнү белгилесек болот.

«Сорос-Кыргызстан» фонду үч жылда бир жолу жалпы ишмердүүлүгүнүн стратегиясын кайрадан аныктап турат. Азыр да фонддун жетекчилиги 2004-2006-жылдарга карата жаңы стратегияны иштеп чыгууда. Медет Төлөгөновдун айтымында, фонддун стратегиясындагы жаңы багыттар коомдогу көйгөйлүү маселелерге, узак убакыттан бери чечилбей келген проблемаларга байланыштуу. 10 жыл ичинде фонд бир топ тармактарга ар кандай маселелерди чечүүгө көмөктөшкөнү, мектептерге, ооруканаларга, балдар үйлөрүнө, интернаттарга жана башка мекемелерге материалдык жардам көрсөткөнү арбын айтылып келет.

Фонддун аткаруучу директору Медет Төлөгөнов белгилегендей, ар кандай проблемаларды чечүү боюнча демилге көтөргөн инсандардын катарын көбөйтүү фонд үчүн өткөн 10 жыл ичиндеги эң башкы жетишкендик болду. Коомдо орун алган проблемаларды чечүүгө кызыккан, кайдыгер карабаган инсандар, уюмдар кийинки жылдары көбөйүп баратканы байкалууда.

Фонд маданият маселелерине да көңүл буруп келет. Маселен, 1995-жылдан тартып маданий программаларга фонд 1 млн. 300 миң доллар өлчөмүндөгү каражат жумшаган. 10-ноябрдан 12-ноябрга чейин Бишкекте «Сорос-Кыргызстан» фондунун 10 жылдыгына арналган маданий иш-чаралар жүрүп жатат. Алардын катарында Бишкектеги кыргыз, орус драма театрларында, Сүрөт музейинде «Сорос-Кыргызстан» фондунун көмөгү менен тартылган тасмалар, фонддун жардамы менен коюлган спектаклдер, сүрөт жана кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулганын айта кетсек болот.

XS
SM
MD
LG