Белорус президенти Александр Лукашенко үчүнчү мөөнөткө президент болуу үчүн шайлоого катышууга үмүтү бар экени 7-ноябрда карапайым шаар тургундары менен болгон жолугушууда билинди. Гомел облусуна караштуу Житкович шаарчасындагы газ куурунун ачылыш аземинде жергиликтүү тургундардын бир ардагери Лукашенкону түбөлүктүү бийликте калуу өтүнүчүн сунуш кылганда Лукашенко : “Келгиле, адегенде кониституцияны аткаралы. Эгерде жагдай дурус болуп, эл Лукашенкого чыдаса мен силерден минтип сурайм, Лукашенко беш-алты талапкер менен шайлоого катышуусуна каршы болбойсуңарбы?”-деп.
Лукашенконун бул тамаша-чынды кошуп сөз ыргытканы 2006-жылы Беларуссияда боло турган президенттик шайлоого карата даярдыктын башталышы деген пикирде байкоочулар. Бирок өлкөнүн конституциясы боюнча бир эле адам эки мөөнөттөн ашык шайланууга укугу жок. Ал эми жергиликтүү басма сөз каражаттары маалымдагандай бийлик кааласа негизги мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өткөрсө эч ким ага каршы боло албайт. Беларуссияда негизги мыйзамды реформалоо тууралуу имиш кептер бир нече мезгилден бери эле айтылып келатат. Байкоочулардын баамында, референдумга даярдык астыртадан жүрө баштады. Президент борбордук фигура катарында көргөзүлгөн жалпы мамлекеттик идеологиянын концепциясы иштелүүдө. Ошол эле учурда оппозициялык басылмалар жана чет мамлекеттик каражаттын эсебинен каржылануучу коомдук уюмдар жабылган. Бирок ачыктан ачык референдум өткөрүү тууралуу эч бир маалымат жок. Бир нече апта мурда Лукашенко эл алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө, “Мындай айың кепти оппозиция апыртып айтууда, жыл аягына чейин эч кандай референдум болбойт,”-деген.
Бул тууралуу белорус журналистти Виталий Цыганков пикирин төмөндөгүчө билдирди:
- Беларуссиядагы көптөгөн саясатчыларды жана эксперттердин пикири боюнча Александр Лукашенко президенттик шайлоодо үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коет. Анын мөөнөтү 2006-жылы бүтөт. Бирок Лукашенконун үчүнчү мөөнөткө барышы тууралуу аңыз кеп бир жылдан бери эле айтылып келатат. Быйыл күзүндө референдум өткөрүшөт деп байкоочулар божомолдогон эле, арийне референдум өткөрүлгөн жок. Бирок Лукашенконун мүнөзүн, саясий аңытын жакшы билген адамдардын айтымында ал үчүнчү мөөнөткө талапкерлигин коет. Аны референдум өткөрүп конституцияга өзгөртүү киргизип, мыйзамдын чегинде жасайт.
Ал эми Белорустун караламан калкына президент Лукашенконун кадыр баркы кандай ?-деген суроомо:
- Эл арасындагы сурамжылоого караганда Александр Лукашенконун жамы журтка бедели төмөндөп кетти. Анын жактоочулары 27-30% түзөт. Көпчүлүк адамдар анын үчүнчү мөөнөткө барышына каршы пикирде.
Аналитиктердин айтымында, 2006-жылы өтүүчү президенттик шайлоого чейин кенен кесири убакыт бар. Балким Лукашенкого жалпы элдин суроо сопкуту талап кылынбаган кандайдыр бир адаттан тышкары жазылуучу сценарийдин планы ойлонуп коюлган. Мисалы, атайын даярдалган мамлекеттик төңкөрүш, анын артында өзгөчө кырдаал абалы. Акыл эстүү саясатчыларга мындай салыштырмалуу тамаша осол көрүнгөнү менен белорус президентинен байкоосуз “шахматтык жүрүштөрдү” күтүүгө болот. Себеби ал бийликти колунан чыгаргысы келбейт,-дешет аналитиктер. Ал эми айрым эксперттер келерки 2004-жылы жазында же күзүндө жалпы элдик референдум өткөрүлүшү мүмкүн. Эгерде март айында Орусияда болучу президенттик шайлоо менен бир убакта өткөрсө, Орусия өзү менен өзү алек болуп Белорустун ички саясатына кийлигише албай калат. Анда белорус бийлиги каалаган саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат,-деген пикирлерин айтышууда. Экинчи божомол Белоруссия менен Орусиянын биримдиги үчүн күзүндө жалпы элдик референдум өткөрүп, “эки иштен, бир иш” дегендей президенттин мөөнөтүнө байланыштуу маселени кошуп жибериши мүмкүн деген божомолдор айтылууда.
Мурдакы совхоз директору Александр Лукашенко 1994-жылы Белорус Республикасынын президенти болуп шайланган. Ал 1996-жылы референдум өткөрүп Белорус Жогорку Кеңешин таркатып, жаңы парламентти түзгөн. 2001-жылдагы президенттик шайлоодо Белорустун 7 миллион 300 миң шайлоочуларынын 82% ашуун добушун алып, экинчи мөөнөткө президент болуп шайланган. ЕККУнун жана эл аралык байкоочулардын баамында, ал өткөрүлгөн шайлоолор эл аралык талаптарга жооп бербейт. Лукашенкону Батыш өлкөлөрүндө “Европанын акыркы диктатору” деп атап коюшат.