Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Ооганстандын Кандагар шаарында машинага коюлган бомба жарылды


Окуя бүгүн эрте менен ООНдун өкүлчүлүгү жайгашкан имарат алдында болду, бери дегенде бир адам жабыркады. Ал эми өлкөнүн чыгышында уруштар тутанды. Бул райондо америкалык контингент менен ооган өкмөтүнүн аскерлери кеңири масштабдагы операцияларды өткөрүшүүдө. Ооганстандын тышкы иштер министри доктор Абдулло эмдиги жылы боло турган жалпы элдик шайлоо алдында куралдуу топтор активдеше баштаганын белгилеп, алардын ичинде талиптер менен “Ал-Каиданын” лашкерлери олуттуу коркунуч түзөрүн эскертти. Аларга каршы күрөштө ооган өкмөтү Пакистандын чоң колдоосуна үмүт кылмакчы.

XS
SM
MD
LG