Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

КАДЕК АТЫН ӨЗГӨРТТҮ. МАКСАТЫНЧЫ?


Хаким Озген, Измир Кийинки 15 жылда Түркийага каршы согуш жүргүзүп келе жаткан жана ириде ПКК - Күрттөрдүн Жумушчу Партийасы деген ат менен белгилүү, кийин атын КАДЕК (Күртистандык эркин жана демократиячыл конгресси) деп алмаштырган жикчил уйум өзүн таркаткандыгын жарийалады. Дипломаттык чөйрөлөр КАДЕКтин бул жарийасын уйумдун айласы кеткендеги амалынын белгиси катары баалашууда.

КАДЕК эларалык маалымат кызматтарына факс аркылуу жиберген билдирүүдө Түндүк Иракта жаңы жана демократийалуу бийликтин түзүлүүсүнө жол ачыш үчүн, КАДЕК (Күртистандык эркин жана демократиячыл конгресси) өзүн таркатуу жөнүндө токтом кабыл алганы жарийаланды. Токтом 26-октябр күнү КАДЕКтин Түндүк Ирактагы Кандил тоолорундагы базасында Европа, Жакынкы Чыгыш жана Кавказдан келген 364 мүчөсүнүн катышуусунда өткөн кезексиз курултайында кабыл алынган.

Алынган маалыматтарга ылайык, КАДЕКтин башкаруу кеңешинин мүчөсү Жемил Байык курултайдагы сөзүндө Түркийа Түндүк Ирактагы кайра курууларды токтотууга, КАДЕК менен АКШны каршылаштырууга аракеттенип жатат деп, ырасмий Анкараны күнөөлөгөн. ПКК-КАДЕКке жакын булактар болсо, азыркы мораторий мындан ары да күчүндө кала берерин, ошондой эле, уйумдун куралдуу түзүлүштөрү өзүн өзү коргоо максатында гана аракет кыларын билдиришти.

Белгилүү болгондой, былтыр өзүнүн атын КАДЕК деп алмаштырган ПККны Кошмо Штаттары менен Евробиримдик, Түркийа койгон талаптардан улам, жакын арада террорчул уйумдардын тизмесине кошуу үчүн дайардыктарды көрүүдө. Ушу себептүү, КАДЕК өзүн жойуп, "Демократийалуу Кутулуш Партийасы" деген жаңы уйум түзгөн. Дипломаттык чөйрөлөр КАДЕКтин соңку чечимин террорчул уйумдардын тизмесине кирүүдөн качуу жана күрөштү сайасий өңүткө которуу максатында жасалган аракет катары баалап жатышат.

Анкарадагы дипломаттык булактар КАДЕКтин чечимин таназарга алууга арзыбай турган иш деп баалап, жикчил уйум бүгүнгө чейин жасаган кылмыштарынын жоопкерчилигинен мындай тактикалык айлалар менен кутула албай тургандыгын билдиришти. Ошол эле булактар, КАДЕК ысым алмаштыруу өңдүү арзан амалдар менен алыска бара албай тургандыгын айтып, "ат алмаштыруу зат алмаштыруу дегендике жатпайт" деген пикирде.

АКШдагы дипломаттык булактар КАДЕКтин атын алмаштыруусу Вашингтондун бул жикчил уйумга болгон сайасатын өзгөртпөй турганын билдиришти.
КАДЕК бул билдирүүсүн жарыйалардын алдында, Түндүк Иракта гы америкалык аскерлер менен анын согушчандары арасында алгачкы кагылышуу болуп, америкалык аскерлерди жандап жүргөн күрд пешмергелердин бири окко учкан эле.

Ирака бейпилидик күчтөрүн жиберүү жөнүндөгү планынан өткөн жумада баш тарткан Түркийа, АКШ менен болгон сүйлөшүүлөр учурунда, Түндүк Ирактагы Кандил тоолорунда бекинип жүргөн ПКК-КАДЕКтин согушчандарына каршы чогуу чара көрүү тууралуу Вашингтондун убадасын алды. Түркийанын тышкы иштер министири Абдулла Гүл кечээ күнү жасаган билдирүүсүндө Вашингтонго ошол берген убадасын дагы бир жолу эскертип, Түркийа Иракка аскер жибербесе дале, Түндүк Иракта өзүнүн улуттук кызыгыштарына кооп туудуруучу жагдай түзүлсө, бир жактуу аскердик чара көрүүдөн тартынбай тургандыгын жарыя кылды. Же ырасмий Анкара ПКК-КАДЕКтин куралдуу күчтөрүн өзү куралсыздандырып, Түндүк Ирактан кууп чыгууга дайар экенинин четин чыгарды.

XS
SM
MD
LG