Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:15

КЫРГЫЗСТАНДА МОБИЛДҮҮ БАЙЛАНЫШ АРКЫЛУУ ИНТЕРНЕТКЕ КОШУЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ПАЙДА БОЛДУ


Кыргызстандын мобилдүү телефон байланыш тармагында буга чейин «Кател», «Бител» сыяктуу компаниялар иштеп келатканы белгилүү. Келерки аптадан тартып мобилдүү байланыш тармагында дагы бир компания – «АкТел» компаниясы иштей баштамакчы. «АкТел» компаниясы кызмат көрсөтүүнүн акысын «Кател» менен «Бителдикине» караганда арзан баада сунуш кылууну убада кылып жатат. Ошентип, өлкөнүн мобилдүү байланыш тармагында атаандаштык күч алууда.

Буга чейин Кыргызстанда «Бител» жана «Кател» компаниялары мобилдүү байланыш кызматын көрсөтүп келишкен. Чөнтөк телефон элге кадимкидей алынып, алысты жакындатып, кызмат көрсөтүүнүн улам жаңы түрлөрү пайда болуп жаткан чагы. Алсак, «Бител» компаниясынын телефону аркылуу эртеңки күндүн аба ырайын билгенден, кайсы жерден акчаны арзан курс менен алмаштыруу боюнча маалымат алуудан тартып, арзыган адамыңа сүйүү катын жиберүүгө чейинки кызматтарды пайдалана аласың. Эми мобилдүү байланыш тармагынын эшигин чертип кирип жаткан «АкТел» компаниясы кызмат көрсөтүүнүн акысын арзан кылуу аркылуу элге алынууну көздөп жатат. Бул тууралуу «АкТел» компаниясынын башкы директору Айбек Баканов 13-ноябрда «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Айбек Бакановдун айтымында, «АкТел» учурдагы заманбап CDMA-2000 стандартындагы мобилдүү байланыш кызматын сунуш кылмакчы.

- Бул стандартты киргизүү менен Кыргызстандын байланыш тармагында чоң өсүшкө жетишебиз. Кыргызстандыктар үчүн, кардарларыбызга кызмат көрсөтүүнүн дүйнөлүк сапатын сунуш кылабыз, - деди Айбек Баканов.

«АкТел» компаниясы өз кардарларына чөнтөк телефону менен бирге Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүн да кошо тартууламакчы. Башкача айтканда, чөнтөк телефондун ичинде модем да болот.

- Биздин байланышка кошулуу менен кардарларыбыз телефондон тышкары да модем алышат, - дейт Айбек Баканов. - Биз интернет-провайдерлердин кызматысыз эле Интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүн тартуулайбыз.

Айбек Бакановдун сөзүн ушул эле «АкТел» компаниясынын өкүлү Эмилбек уулу Баяс да минтип колдоду:

- «Кател», «Бителден» биздин компания көрсөтүп жаткан кызматтын артыкчылыгы - телефон менен компьютер аркылуу Интернетке кошулса болот.

««АкТел» компаниясы киргизип жаткан «FONEX» мобилдүү байланышын дүйнөдө 160 млн. адам пайдаланат» дешти маалымат жыйынын өткөрүп жаткандар. Кыргызстанда байланыштын бул түрү алгач Бишкек шаарында, Бишкек-Манас жолунда, «Манас» аба майданында, Карабалта жана Кант шаарларында иштей баштамакчы. «АкТел» компаниясынын өкүлү Василий Ткаченконун айтымында, мобилдүү байланыштын бул түрү келерки жылдын жай айларында Ысыккөлгө жайылат. «Соңку жылдын этегинде биз өз кардарларыбыздын санын 50 миңге жеткирели деген ойдобуз», - деди Василий Ткаченко.

««АкТел» компаниясынын чыныгы кожоюну ким?» деген суроо журналисттерди катуу кызыктырды. «АкТелдин» жетекчиси Айбек Бакановдун айтымында, кожоюндар экөө - «Estate Development» и «Ace Trump». Аттары ангисче болгону менен, Кыргызстанда эле каттоодон өткөн фирмалар экен. Бирок алардын кожоюндары кимдер экени бүдөмүк бойдон калды. Буга чейин айрым талдоочулар ««АкТелдин» артында Өкмөт Үйүндөгү таасирдүү адамдардын жакындары турат» дешкен.

«АкТел» компаниясынын чү дегендеги байлыгы 47 млн. сом экенин эске алсак, «Кател», «Бител» компанияларына күчтүү атаандаш чыкты өңдөнөт. «Биз бутубузга туруп алдык, акыйкат атаандашуудан качпайбыз» дейт «Бител» компаниясынын өкүлү Салия Барпиева.

- Жакын арада кызмат көрсөтүүнүн акысы арзандайт деп айталбайм. Азыр бир нерсе деп айталбайбыз, - дейт Салия Барпиева.

Бишкектин тургуну Урмат Асылбеков мобилдүү байланыш кызматын көрсөткөн компаниялардын көбөйгөнүнө ыраазылыгын жашырган жок.

- Мен азыр «Кателдин» «К+» деген кызмат көрсөтүүсүн пайдаланам. Ыңгайлуу, себеби, чалган тарап өзү төлөйт. Ал эми «АкТел» дейсиңби, андай компаниялардын көбөйө бергенин колдойм. Себеби, андайлар канчалык көп болсо, атаандаштык ошончо күчтүү болуп, баа да арзандайт да, - дейт Урмат Асылбеков.

XS
SM
MD
LG