Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:12

ИРАКТАГЫ АКЫРКЫ ЖАГДАЙ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/230832FA-0442-46F6-8FA9-A44E6B02A0D7_w203.jpg 12-ноябрда Иракта италиялык аскерлерге каршы ири террордук чабуул уюштурулгандан кийин, Жапания Иракка аскер жиберүү пландарын убактылуу токтоткону тууралуу жарыялады. Коалициялык күчтөр болсо өлкөдөгү аскерий аракеттерин күчөттү, ал эми АКШ жетекчилиги Иракта убактылуу өкмөт түзүп, ага бир топ бийлик берүүгө камдана баштады.

Ирактагы абал улам татаалданып барткандыктан, АКШ жетекчилиги өз саясатын анча-мынча өзгөртүүгө аргасыз болду. Америкалыктар тарабынан дайындалган Ирактын Башкаруучу кеңешинен АКШ мурда тезирээк конституциянын долбоорун даярдоону талап кылып келсе, азыр эртерээк шайлоо өткөрүп, бийликти ирактыктардын өзүнө берүүгө даярдана баштады. Анткени, биринчиден, конституцияны даярдай турган уюм баары бир шайланууга тийиш. Экинчиден, Бириккен Улуттар тарабынан кабыл алынган резолюция боюнча, 15-декабрга чейин шайлоо качан өтөөрү жана конституция долбоорун ким даярдаш керектиги аныкталууга тийиш.

13-ноябрда Вашингтон шаарында Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу менен жолукканда, жаңы өзгөрүүлөр тууралуу АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кыйытып айтты: "Конституцияны даярдоо үчүн убакыт керек деген тынчсыздануулар айтылып келген. Андан тышкары, долбоорду даярдай турган адамдарды шайлап-тандоо үчүн да абдан көп убакыт керек, биз мурда ойлогондон алда канча көп убакыт. Ошондуктан биз азыр андай кыйынчылыктардан өтүү максатында, башка жолдорду издеп жатабыз".

11-12-ноябрда Вашингтондо президент Жорж Буш жана башка жетекчилер менен жолуккандан кийин, Ирактын башкаруучусу Пол Бремер Багдадга кайтып келип, Башкаруучу кеңештин мүчөлөрү менен консультацияларды өткөрө баштады. Бремер жана Кеңеш ортосунда мурда бир топ пикир келишпестиктер чыккан жана анын мүчөлөрүнүн пикиринде, Кеңешке көбүрөөк укук берилүүгө тийиш. "Ассошиейтед пресс" агенттигинин кабарлашына карашанда, Ирактагы шайлоо 2004-жылдын биринчи жарымында өткөрүлүшү мүмкүн жана жаңы өкмөткө бир топ укук берилип, ага конституциянын долбоорун даярдоо милдети да жүктөлөт.

Аны менен катар АКШ жетекчилиги Иракка мүмкүн болушунча көбүрөөк эл аралык аскер алып келүүгө аракеттенүүдө. Анткен менен, 12-ноябрда Насирия шаарында орун алган жардыруудан кийин, Иракка аскер жиберүүгө даярданып жаткан Жапания ал планынан убактылуу баш тартты. Насирияга 128 полиция жебере турган Португалия болсо, аларды түштүктөгү Басра шарында жайгаштырды.

12-ноябрдагы террор аракетинен отуздан ашык адам курман болду, алардын он тогузу италиялык аскерлер. Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Италия бир чабуулдан мынчалык жоготууга дуушар болгон эмес жана өлкөнүн кээ бир саясатчыларынын айтымында, Италия үчүн бул террор - 2001-жылдын сентябрында АКШга каршы жасалган террордук чабуулга тете. Кээ бир гезиттердин жазышынча, өлкө жетекчилиги өзүнүн жалпы саясатын кайрадан карап чыгууга тийиш, анткени АКШнын Ирак саясатын дароо колдоо менен Италия башка европалык мамлекеттерден бөлүнүп кетти.

Премьер-министр Силвио Берлускони болсо, чабуул болоору менен элге кайрылып, араздашууларды токтотуп, өлкөнүн бардык саясий күчтөрү биригүүгө тийиш деп билдирди: "Эгер кайсы бир күнү бардык италиялык жарандар өз араздашууларын токтотуп, демократиялык баалулуктарды коргоо үчүн бириге ала турган болсо, ошондой күн азыр келип турат".

Чабуулдан кийин АКШ аскеринин Жакынкы Чыгыш боюнча башчысы генерал Жон Абизейд Флорида штатындагы баш ордодо жыйын өткөрүп, башкаруучулук кайрадан Катар мамлекетине көчүрүлө турганын жарыялады. Анын айтымында, азыр Иракта өлкөнүн мурдагы жетекчилигин колдоп, коалициялык аскерлерге каршы аракеттенген беш миңге жакын жоокер бар жана алар кандайдыр бир ченемде бир борбордон башкарылат.

13-ноябрда болсо америкалык күчтөр Багдаддын алдындагы бир өндүрүш ишканасын бомбалап талкалады, анткени кээ бир маалыматтар боюнча, согушчандар өз чабуулун ошол жерден даярдап, курал-жарагын ошол жерде каткан. Ишкананын ээси Ваад Дахел Буланинин айтымында, кайтаруучунун бир Калашников мылтыгынан башка эч нерсе табылган жок жана мындай чаралар менен америкалыктар ирактыктардын кыжырын ого бетер келтирүүдө.

XS
SM
MD
LG