Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:12

БИШКЕКТЕ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАСМА ҮЙҮ АЧЫЛДЫ


14-ноябрда Бишкекте «Фридом Хауз» уюмунун жана АКШ өкмөтүнүн жардамы менен Көз карандысыз басма үйү ачылды. Заманбап типография менен жабдылган басма үйүндө бардык гезиттер эркин жарык көрө алат.

Бишкек шаарынын Горький көчөсүндө жайгашкан басма үйүн уюштурууга мындан эки жыл илгери аракет башталган. Ал АКШ өкмөтүнүн жана «Фридом Хауз» уюмунун жардамы менен 14-ноябрда ачылды. Басма үйүн ачуу аземине Кыргызстандан тышкы иштер министри Аскар Айтматов, президенттин кеңешчиси Болот Жанузаков, АКШдан мамлекеттик катчынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Элизабет Жоунс айым, мамлекеттик катчынын демократия, адам укуктары жана эмгек маселелери боюнча жардамчысы Лорн Крэйнер, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг, «Фридом Хауздун» аткаруучу директору Женнифер Виндзор жана Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын, коомчулуктун кеңири өкүлдөрү катышты. Жыйынды «Фридом Хауздун» аткаруучу директору Женнифер Виндзор ачты.

- Биз бул күндү басма үйү тууралуу долбоор эки жыл мурун түзүлө баштагандан бери күтүп келатканбыз. Басма үйүнүн ачылышы Кыргызстанда жана Борбор Азияда сөз эркиндигинин бекемделишине салым кошот деп үмүттөнөбүз. Басма үйүн Байкоочу кеңеш жетектейт жана анын көпчүлүк мүчөлөрү азыр арабызда турат.

Андан кийин Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов сөз алып, буларга токтолду:

- Кыргыз журналисттери үчүн бул басма үйүнүн ачылышынын маанисин жеткире баалаш кыйын. Бул долбоордун Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда ачылышы - кыргыз өкмөтү Батыштагы өнөктөштөрү менен адам укуктарын, басма сөз эркиндигин толугураак камсыз кылуу багытында кызматташууга даяр экендигинин күбөсү.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын Европа жана Евразия иштери боюнча жардамчысы Элизабет Жоунс сөз сүйлөп, буларга токтолду:

- Кыргызстан менен АКШнын өнөктөштүгү сөз эркиндигине, басма сөз эркиндигине жана эркин атуулдук коомго негизделет. Басма үйүн ачуу - эки мамлекеттин анык өнөктөштүгү жана ал Кыргызстандын келечеги үчүн кызмат кылат. Ушундай долбоорлорго байланыштуу биз Кыргызстанга чоң үмүт артабыз.

АКШнын мамлекеттик катчысынын демократия, адам укуктары жана эмгек маселелери боюнча жардамчысы Лорн Крэйнер террорго каршы согушта эки мамлекеттин өтө жакындашканын айтты. Ал бул долбоордун ишке кириши эки мамлекеттин элдерин ого бетер жакындаштыраарын, демократияны куруу жагынан Кыргызстандын Борбор Азияда лидер бойдон калышына салым кошоорун белгиледи.

Басма үйүн ачуу аземинен кийин Аскар Айтматов, Элизабет Жоунс, Лорн Крэйнер маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Элизабет Жоунс АКШ Кыргызстан менен коопсуздук, адам укуктары, демократия жана экономика багыттарында терең кызматташууга жетишкенин жана ага АКШ да ынтызар экенин билдирди. «Кыргызстанда АКШны тынчсыздандырган кандай маселелер бар?» деген «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна Элизабет Жоунс мындай жооп берди:

- АКШ Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан менен тыгыз кызматташууда. Биздин кызматташтык ар тараптуу болуп жатат. Кыргызстандагы экономикалык реформалардын ийгиликке жетиши өзгөчө мааниге ээ. Бирок 2005-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу атуулдук коомду өнүктүрүүгө, шайлоо тууралуу натыйжалуу мыйзам кабыл алууга, байкоочуларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулушу зарыл деп эсептейбиз. Президент Аскар Акаев азыркы мыйзамдарга ылайык президенттик шайлоого катышпасын жарыялады. Биз Кыргызстандын өкмөтү, бейөкмөт уюмдары жана атуулдук коомдун өкүлдөрү менен келечектеги шайлоонун адилет, акыйкат, ачык жана эркин болушу үчүн активдүү кызматташабыз.

Маалымат жыйынынан кийин басмакана ишке киргизилди.
Жаңы басмакананын ишке киргизилишин «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеев мындайча баалады:

- Бул басмакананын ишке киргени - көз карандысыз басылмалар үчүн жакшы нерсе. Кайсы жерде атаандаштык болсо, ал жерде өсүш болот. «Учкун» менен бул басмакана атаандашса, басылмалар үчүн жакшы шарт түзүлөт. Андан тышкары, бизде тандоого мүмкүнчүлүк пайда болду, мурда андай мүмкүнчүлүк жок эле.

Ал эми «МСН» гезитинин башкы редактору Александр Кимдин пикири мындай болду:

- Бул болуп жаткандарга карата эки ача пикирдемин. Биздин өлкөдө кубаттуу «Учкун» басмаканасы бар, ал буюртмалар менен 30-40% гана камсыз болууда. Экономикалык көз караш менен алганда, өкмөт жана «Учкун» гезиттердин басмаканада калышы үчүн аракет кылышы керек эле. Ал үчүн басма сөз эркиндиги ооз жүзүндө эмес, иш жүзүндө камсыз болушу керек. Эми эл аралык коомчулуктун күчү менен бул басма үйүнүн ачылышы Кыргызстанда чыныгы басма сөз эркиндигинин орношуна кызмат кылат. Мына ушул көз караштан алганда, бул ачылыш менен Кыргызстандагы демократиялык өзгөрүүлөр оң багытта өнүгөт деген үмүт бар.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG