Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:24

АКШНЫН ИРАКТАГЫ ЖАҢЫ ТАКТИКАСЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Ирактагы америкалык аскерлерге кол салуу көбөйүп бараткандыгына байланыштуу АКШнын аскердик командачылыгы Катардагы регионалдык аскердик кеңсесин кайра ачканы жатат. Ошол эле маалда америкалык аскерлер согушкерлердин уюгу болуп эсептелген шектүү жерлерди жок кылуу боюнча масштабдуу операцияларды улантмакчы.

Американын Катардагы регионалдык аскердик кеңсесинин кайрадан ишке киргизилип жатканы бекеринен эмес. Акыркы кезде, айрыкча түнкүсүн, АКШнын өлкөдөгү аскердик базаларына чабуул жасалган учурлар көбөйдү. Ирактагы жана Ооганстандагы аскердик операцияларга командачылык кылуу борборунун башчысы генерал Жон Абизаиддин айтымында, ар 24 сааттын ичинде Ирактагы аскерлер менен аскердик объекттерге, орто эсеп менен, 37 кол салуу болуп турат. Чоң масштабдагы согуш негизинен бүттү деп жарыяланган биринчи майдан бери эле Иракта коалициялык аскерлердин 186 солдаты курман болду, алардын, бери дегенде, 156 - америкалык солдаттар. Аскердик өкүлдөр көпчүлүк чабуулдардын көбүн Саддам Хусейиндин аскер калдыктары менен тарапкерлери жасап жатканын жана андай согушкерлердин саны, ашып барса 5000 миңдин айланасында экенин божомолдошот. Америкалык аскердик адистер, кол салуулар, азырынча анчейин ыраатуу эмес экенин белгилешет. Бирок көз караандысыз байкоочулар да, америкалык аскердик адистер да кийинчерээк согушкерлер мындан да жакшы уюшуп, күчтөнбөйт дегенге кепил жок деп жатышат. Согушкерлерге каршы таасирдүү чара көрүү үчүн АКШ Ирактагы аскердик операцияларга, Катардагы кеңсесинен башчылык кылууга өтүүдө.

Дохадагы регионалдык кеңсе абадагы жана жердеги аскердик операцияларды ыкчам жана так башкарууга ылайыкталган жогорку технологиядагы жабдуулар менен камсыздалган. Генерал Жон Абизаид мындай дейт:

- Бизди Ирактан бир да аскердик күч сүрүп чыгара албайт. Дүйнөнүн эң жакшы жабдылган, эң мыкты армиясы деп эсептелген америкалык аскерлер эң кыйын жерлерде ийгиликтүү кызмат өтөп жатышат.

Командачылыкты Дохага которуу менен менен бирге АКШнын аскердик жетекчилиги контрчабуулдарды жүргүзүүнүн жаңы тактикасына өттү. "Айрон Хаммер" же "Темир Балка" тактикасына ылайык, америкалык аскерлерлерге кол салуу болоор замат ага буйдалбастан жооп сокку уруу каралат. Андан сырткары кооптуу жерлерди мээлегенге ыңтайлаштырылып оор аскердик жабдуулар, ок жаадыруучу аскердик техника жайгаштырылат. Жума күнү АКШнын аскердик тик учагы аскердик базага ракета аткан согушкерлерге каршы сокку урган. Андан машине менен качып баратышкан эки согушкер курман болду. Согушкерлер жашынган жерди дароо тинтип чыккан америкалык аскерлер, жер алдына салынган эки каруу жарак кампасын жана ракеталардын жүздөгөн дүрмөттөрүн таап алышты.

Аскердик эксперттер согушкерлерди, алардын жашынган жерлери менен курал кампаларын жок кылууда жаңы тактика кыйла натыйжалуу болоорун айтып жатышат. Андан сырткары бул ыкма Американын аскердик үстөмдүгүн айгинелеп, согушкерлерге сес көрсөтүп, психикалык жактан кысмактоого мүмкүндүк берет.

Бирок аналитиктер жаңы тактиканы колдонуудан согушкерлерге караганда, жөнөкөй калк көп жабыркаарын айтып жатышат.

"Андайда АКШнын аскерлери эки нерсенин бирин тандаганга мажбур болот. Алар карапайым калк ичинде өлүм- житим болооруна карабай, думшанды артынан сая түшүп жок кылат же адегенде калкты коопсуз жайларга чыгарып кетип, андан соң чабуул жасайт", - дешет аналитиктер.

Лондондогу Эл Аралык Стратегиялык Изилдөөлөр институнун аскердик эксперти Филип Митчелл:

- Эгерде андай контрчабуулдар карапайым калкка эскертүү кылбастан жасалса, калк арасындагы жоготуу көп болот.Ошентип, бейкүнөө кишилердин өлүмү америкалык аскерлерге ансыз да кек тутуп турган калкты ого бетер өчүктүрөт.

Экспертин көз карашында, андай контрчабуулдарды Ирактын өзүнүн армиясы менен полициясы жүргүзгөндөрү оң. Болбосо бул жалпыга, Иракта аскердик кармаш күч алууда АКШ коопсуздукту көзөмөлдөй албай жатат деген таасир калтырат. Ал үчүн АКШ бийликти Ирактыктарга мүмкүн болушунча тезирээк өткөрүп берүүсү керек дейт Митчел. Белгилей кетчү нерсе, АКШ ушул тапта Ирактын армиясын түзүү боюнча аракеттерин ыкчамдатты. Келээрки сентябрга чейин ирактын армиясында 20 миңден ашык солдат болмоору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG