Парламенттин имараты алдында миңге жуук киши митинг өткөрүп,президент Шеварднадзенин бийликтен кетишин, өлкөдө кайрадан парламенттик жана президенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты. Митингге чогулгандар акцияны дүйшөмбү күнү улантмак болушту. Оппозициянын лидерлери калкты бийликтердин амирине баш ийбөөгө чакырып жатышат. Кырдаал баш-аламан абалга түшүп кетсе,бийликтер акциячыларга каршы күч колдонушу мүмкүн экенин Ажариянын лидери Аслан Абашидзе эскертти. Бирок азырынча буга негиз жок, деп айтты ал. Абашидзе Москвада орус ырасмий өкүлдөрү менен Грузиядагы саясий кризисти талкуулап жатат. Президент Эдуард Шеварднадзе кечээки сөзүндө Грузия ич ара согуштун кырына турат деп билдирген болчу.