Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Монтана штаты кыргыз президентин күтүүдө


БИШКЕК. Декабрдын башында президент Аскар Акаев АКШнын Монтана штатына ырасмий иш сапары менен барат. Монтана штатынын губернаторунун жардамчысы Чак Батлер баштаган делегация быйыл сентябрда Кыргызстанга иш сапары менен келгенде мамлекет башчысын Америкага чакырган. Өткөн аптада Монтананын губернатору Джуди Мартц коомчулуктун алдында сөз сүйлөп, президент А. Акаевдин боло турган иш сапарын тарыхый окуя катары сыпаттады. «Centran.ru» маалымат агенттигинин мындай маалыматын президенттин басма сөз кызматы тастыктап, иш сапардын кайсы күнү болоору кийинки аптада аныкталаарын айтышты.

XS
SM
MD
LG