Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

ИСТАМБУЛДА СИНАГОГАЛАР ЖАРДЫРЫЛЫП, 23 КИШИ НАБЫТ БОЛДУ


15-ноябрь, ишемби күнү Истамбулда жөөттөрдүн эки синагогасы жардырылды. Эртеси эртең менен түрк полициясы 23 кишинин өлүмү такталганын бышыктады. Жараат алгандардын саны мындан алда-канча көп болуп, 242 кишиге жетти. Алардын бир бөлүгү оорукана чукул жардам алгандан кийин, үйлөрүнө чыгарылды. Түркиянын бийликтери жардыруулар эл аралык террорчулардын колунан келди деп болжолдошууда.

Ишембиде динчил жөөттөр бардык көр-тирликти жыйыштырып коюп, күндү жалаң кудайга табынуу менен өткөрүшөт. Дал ушул Шабат деп аталган ыйык күндө Истамбулдагы эки синагоганын жанында токтоп турган эки машина жарылды. Жардыруулар динчилдер табынып жаткан мезгилде дээрлик бир мезгилде орун алды. Алардын бири - Неве Шалом - Истамбулдагы эң чоң синагог болуп саналат. Ал эми Бет Израиль шаардын коңшулаш ооданында, Неве Шаломдон беш чакырым аралыкта орун алган.

Неве Шаломдогу жардыруу айрыкча катуу болуп, синагоганын алдында терең чуңкур пайда болду. Сыналгыдан имараттын алдында таш-талканы чыгып, дагы деле түтүн булап жаткан жеңил машинанын чалдыбарын көрсөтүштү. Көчөлөр майрыйган темир, сынган айнек жана башка таштандыга толуп чыккан. Күбөлөр түтүн жана күйгөн эттин жыты каңылжаарды жарып турганын айтышты. Тез жардам кызматкерлери бети-башы күйүп, канга боелгон кишилерди ташып кетип жатышты.

Жардырууну ким уюштурганы тактала элек. Анадолу кабар агенттиги "Бирөөлөр телефон чалып, өзүн "Улуу Чыгыштын согушчандарынын исламдык майданы" деп атаган түркиялык исламдык топ жоопкерчиликти өзүнө алды" деп кабарлады. Бирок Ички иштер министри Абдукадыр Аксу "жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек, бул ишке ал-Каида террор тобунун тийешеси болушу мүмкүн" деп билдирди.

Жардыруу жанкечтилердин иши экени да азырынча белгисиз. Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл жанкечтилерден шектенсе, өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган жеңил машиналар алыстан башкарылган бомба менен жардырылган деген ишенимде:

– Жараат алган кишилердин саны абдан көп. Өзүңөр билгендей, машинага катылган бомба алыстан башкаруу жолу менен жардырылды. Мен муну Түркиянын, түрк коомунун стабилдүүлүгүнө каршы багытталган аракет деп билем. Мен бул аракетти жана ага катышкандарды катуу айыптайм. Бул - адамзатына каршы террордук аракет.

Израиль жардырууларды "кылмыштуу террордук чабуул" деп мүнөздөдү. Израилдин тышкы иштер министри Силван Шалом эл аралык коомчулукту "карасанатай" күчтөргө каршы согушту күчөтүүгө чакырды. Чабуулдарды Франция, Греция, Пакистан да айыптап чыкты.

Неве Шалом 1986-жылы да жардырылып, 22 киши мерт болгон. Ал жардыруулардын уюштуруучулары табылган эмес, бирок палестин радикалдарынан шектенишет. Бул синагога Истамбулдун 20 миң чакты жөөт тургундары үчүн маанилүү руханий борбор болуп саналат. Түркияда дагы 5 миңдей жөөт ар жерде чачыранды жашайт. Түркиянын жөөттөрү - көп улуттуу өлкөдөгү эң байыркы улуттук жамааттардын бири. Алардын көбү 15-кылымда Испаниядан куулган Сефард жөөттөрүнүн урпактары болуп саналат.

Анын аралыгында, Израилдин тышкы иштер министри Истамбулга келип, шаардын жөөт жамаатынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Ал эми түнү менен жардыруу жайында жүргөн Түркиянын жана Израилдин тергөөчүлөрү ишин улантып, куткаруучулар урандылардын алдынан курмандыктарды издеп жатышат.

XS
SM
MD
LG