Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

КЫРГЫЗ КАГАНАТЫНДАГЫ КЫШТЫМДАР КИМ БОЛГОН?


Чыгыш авторлору кыргыздар башынан эле «өңү жана чачы сары, көздөрү көк, бойлору бийик» деп белгилешкен. Кытай жазма булактарында кыргыздардын арасындагы кара чачтуулар бактысыз деп эсептелинип, ал эми көздөрү кара адамдар болсо кытай аскер башчысы Ли Линдин тегинен деп саналгандыгы айтылат. Эски кыргыздар мындай аралашууну жактырышпай, «кара көздүүлөр - бактысыз адамдар» дешип, башкача айтканда, «кара түстөгүлөр каргаша-кайгыга кириптер кылат» деп, аларды жеришкен.

Кыргыз каганатынын тарыхый мезгили боюнча анда жашаган калк туурасында атайын изилдөө жок. Жазма булак даректерине караганда, өлкө «алты бак будундан» турган. Мындан жалпы журттун этникалык же аймактык бөлүнүүсүн түшүнүш кыйын. Кытай жана араб-перс жазма булактарындагы «кыргыздар башынан эле өңдөрү жана чачы сары, көздөрү көк, бойлору бийик» деген маалыматтарга караганда, алардын европеиддик расага тиешелүү экендиги талашсыз. Мындай жагдайды өз убагында Абель Ремюза, Г.Е. Грум-Гржимайло, К. Менгес сыяктуу илимпоздор белгилешкен болчу.

Кыргыздардын тарыхын мезгилдик өңүттө таамай баамдоого аракет кылган кытай авторлору, кийин алардын антропологиялык белгилеринде көзгө байкалгыдай өзгөрүү жүргөндүгүн баамдашкан. Кытай жазма булактарында «кыргыздардын арасындагы кара чачтуулар бактысыз деп эсептелинип, ал эми көздөрү кара адамдар болсо Кытай аскер башчысы Ли Линдин тегинен деп саналгандыгы» белгиленген. Чыгыш авторлорунун даректери көрсөткөндөй, кыргыз эли адегенде текши узун бойлуу, көздөрү көк, өңү жана чачтары сары болсо, кийин алардын арасында кара чачтуу жана көздөрү кара адамдар пайда болгон. Эски кыргыздар мындай аралашууну жактырбай, «кара көздүүлөр - бактысыз адамдар» дешип, башкача айтканда «кара түстөгүлөр каргаша-кайгыга кириптер кылат» деп, аларды жеришкен. Балким, мындай түспөлдөгү адамдар өлкөдөгү тек шатычасында төмөнкү катарда туруп, жогорку кызматка көтөрүлө алышкан эмес. Ошондой эле жогоруда келтирилген маалымат Кыргыз каганатынын этникалык жактан бир кылка болбогондугун жана башка этностордун кыргыз элине жуурулуша баштагандыгын айгинелейт.

Башында ата-бабалары Чыгыш Түркстанда жашап, кийин Түштүк Сибирге жер которушкан кыргыздар мындагы жергиликтүү урууларды баш ийгизип, өздөрү болсо этникалык гегомонго айланышкан. Анткен менен бир өлкө ичинде кыз алып, куда күтүү сыяктуу эндогамиялык процесс жүрүп, түбү ал кыргыздардын этникалык курамына жана алардын өң-түсүнө таасир тийгизбей койгон эмес. Арийне, Түштүк Сибирдин аборигендери башында кыргыздарга моюн сунган абалда болушуп, байыркы кыргыздардын руникалык жазууларында алар «кыштымдар» деп белгиленген. Окумуштуулардын пикирлерине караганда, руникалык жазуудагы кыштымдар менен «Худуд ал-Алам» дарегиндеги кесимдердин ортосунда айырмачылык жок. Акыркы жазма булак маалыматы боюнча, «кесимдер - булар дагы кыргыздардын, бөлөк элдин аталышы. Тоонун этегинде жашап, тери, мускус, хуту мүйүзүн табышат. Алар - кыргыз элинин бири, алардын тили халлуктардыкындай, кийими камактардыкына окшош» деп айтылат.

С.В.Киселевдун пикири боюнча, руникалык эстеликтерде кездешкен «кешдимдер» бир элдин энчилүү этноними катары каралып, окумуштуу аларды Хемчик дарыясынын боюнча жайгаштырат. Ал эми Л.Р.Кызласов болсо аларды азыркы Тувадагы Кыштым өлкөсү деп эсептейт. Н.А. Сердобов болсо Кемчик-кая-бажи аскасында эскерилген «кешдим» аталышына карап, «убагында Кыргыз каганатына караган чиктер менен аздар мында жашаган кыштымдар болушу мүмкүн» деп оюн ортого салган. Кийнки кезде кыштымдар туурасындагы сынга татыбас пикирди кыргызстандык окумуштуулар В.М. Плоских менен В.П. Мокрыниндер көтөрүп жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG