Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

БРИТАНИЯ АКШ ПРЕЗИДЕНТИНИН МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН КЕЛИШИН КҮТҮҮДӨ


Шейшембиде АКШнын президенти Жорж Буш Британияга төрт күндүк мамлекеттик расмий сапар менен келет. Ирактагы согушка каршы күчтөр ансыз да тынбай нааразылык чараларын өткөрүп жаткан Лондондо коопсуздук чаралары мурда болуп көрбөгөндөй уюштурулууда.

Президент Жорж Уокер Буштун бул сапары мамлекет башчысынын расмий сапары катары өтө жогорку деңгээлде уюштурулууда. Буш мырза учактан түшкөндөн тартып, кайра учагына кайтканга чейинки ар бир мүнөт шаан-шөкөт менен коштолмокчу. Сакчылардын салтанаттуу парады, белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюу, Букингэм сарайында каныша Элизабеттин жогорку мартабалуу коноктор үчүн сый тамагы сыяктуу салттык жөрөлгөлөрдөн тышкары, Жорж Буш Иракта курман болгон британдык жоокерлердин үй-бүлөлөрү менен да жолугат.

Бул расмий иш-чаралар кынтыксыз өтөөрүндө эч кимдин күмөнү жок, бирок карапайым британдыктардын бир даары АКШ президентин нааразылык чаралары менен тосуп алаары да алдын-ала кабардалууда. Эл аралык алакаларды иликтөө боюнча падышалык институттун серепчиси Жули Смиттин оюнча, АКШ менен Британиянын жетекчилигинин тыгыз байланышын сөзсүз эле карапайым атуулдардын деңгээлинде да күтүү дайым эле мүмкүн эмес:

- Менимче, орточо алганда, Британияда америкалыктар менен дурус ымала калыптанган. Бирок өлкөдө Ирактагы согуш, Ирак кырдаалы боюнча санааркоолор дагы эле арбын. Ошондуктан бул мамлекеттик расмий сапар үчүн анча деле ыңгалуу эмес учур тандалып калды көрүнөт деген пикир да жок эмес.

Буштун сапарына каршы нааразылык ирээтинде бир нече ири демонстрация өткөрүлөөрү маалым болду. Маселен, “Бушту токтоткула!” өнөктүгүнүн уюштуруучулары бейшембиде Трафалгар аянтында жүрүш уюштуруп, Жорж Уокер Буштун кагаз сөлөкөтүн өрттөшмөкчү. Жүрүшкө 50 миңден ашуун киши катышаары жоромолдонууда.

Лондон шаардык полициясынын өкүлү Энди Троттер журналисттер үчүн курган маалымат жыйынында Жорж Буштун бул сапары мамлекеттик расмий сапар болгондуктан, Лондондо коопсуздук чаралары өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп жатканын айтты:

- Бул сапар маалында 5 миңдей полициячы кезметте турат. Лондондогу полициячылардын баарынын дем алышка чыгуусу токтотулду. Демек, биз шаар дубандарында полициячылардын санын тийешелүү деңгээлде кармап тура алабыз.

Такталбаган маалыматтарга караганда, британдык жана америкалык коопсуздук кызматкерлери Буштун сапарын уюштуруунун чоо-жайы боюнча кайым айтышкан жагдайлар да болду.

Ал эми Лондон шаарынын акими Кен Ливингстон коопсуздук чараларын көрүү жаатында Британиянын ордо калаасынын терең салты бар экенин белгилейт:

- Биз дурус башкараарыбызды баса белгилегим келет. Өлкөдө соңку 190 жылдан бери өкмөт башчысы киши колдуу өлтүрүлгөн эч бир учур болгон жок.

Албетте, антиамерикалык демонстрациялар Буштун сапарына көлөкө түшүрбөй койбойт, бирок Буш өзү бул иш-чараларга өтө сабырдуу мамиле кылууда. Дал ушундай иш-чараларды эркин өткөрүү ачык коомдун ажырагыс бөлүгү экенин ал атайын баса айтты. Ал эми Иракта курман болгондордун жакындары менен дидарлашуу сыяктуу кадамдар Жорж Уокер Бушка упай алып келиши мүмкүн экенин Жули Смит айым сыяктуу лондондук серепчилер белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG