Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

ТҮРКИЯ СИНАГОГАНЫ ЖАРДЫРУУ БОЮНЧА ЖООПКЕРЧИЛИКТИ ӨЗҮНӨ АЛГАН “АЛ-КАЙИДАНЫН” БИЛДИРҮҮСҮН ТЕКШЕРҮҮДӨ


Аким Өзгөн, Измир, Түркия “Ал-Каида” террорчулар уюму өткөн ишембиде Стамбул шаарында жөөттөрдүн 2 синагогунда болгон жардыруулардын жоопкерчилигин өзүнө алгандыгы билдирилди. Түркия көптөгөн жылдар бою террордун оор запкысын жеп, кийинки бир канча жылдын ичинде гана абалын араң турукташтырып келаткан кезде, мындайча чоң жардыруулардын ишке ашырылышы өлкөнүн коомчулугун дүрбөлөңгө салды.

Чындыгында да, бул үрөй учурган окуя бийлик чөйрөлөрүнө капыстан түшкөн капсалаң болду. Эл ичинде “11-сентябр бизге да келип жатабы?” деген кабатыр ой кеңири жайылып, атуулдар эми калк жыш жайгашкан жайлардан оолак турууга далаалат кыла баштады.

Жардыруулардын жоопкерчилигин “ал-Каида” уюму өзүнө алгандыгына карабастан, террордук актыларга каршы күрөшкө маш Түркиянын коопсуздук органдары жана чалгындоо кызматчылары, 23 кишинин өлүмүнө жана 300дөн ашуун кишинин жарадар болушуна себепкер болгон бул окуянын үстүнөн, башкача мүмкүнчүлүктөрдү да эсепке алуу менен, иликтөө жумуштарын улантып жатышат.

Лондон шаарында чыгуучу “ал-Кудс ал-Араби” жана “ал-Мажалла” деп аталган эки гезиттин жазышынча, алардын редакциясы ишемби күнү түркиялык жөөт атуулдар адаттагы “Шаббат” ыбаадаты үчүн синагогдорго чогулган учурда, бирдей мезгилде ишке ашырылган жардыруулардын жоопкерчилигин өзүнө алган күчтөрдүн каттарын алган. Электрондук почтоо аркылуу жиберилген каттарда “ал Кайида” уюму Стамбулдагы жардыруулар менен бир катарда 12-ноябрда Ирактын Насирия шаарында 19 италийалык аскердин, ошондой эле, ондогон карапайым ирактыктын өлүмүнө жана ушул жакын аралыкта Сауд Арабийанын Рийад калаасында ондогон адамдардын курман болуусуна себепчи болгон жардыруулардын жоопкерчилигин өзүнө алган.

Бул тууралуу кабарчылардын суроосуна жооп кайтарып, Түркиянын премьер министри Режеп Тайып Эрдоган:

- Бул жардыруунун жоопкерчилиги жөнүндөгү кабар бизге дагы келип түштү. Бирок, анын канчалык туура же туура эмес экенин биздин коопсуздук жана чалгындоо кызматчылары иликтеп жатышат. Эң оболу, мындай деген ырастоолорду тактап, чын-төгүнүнө чыгыш керек. Бул такталгандан кийин ички иштер министири калайыка кеңири маалымат берет.


Араб тилинде чыгуучу гезиттердин арасынан “ал-Кудс ал-Араби” бүгүнкүгө чейинки ушул өңдүү берген кабарларынын тактыгы жана ишенимдүүлүгү менен таанымал. Бул гезиттин редактору - “ал-Кайиданын” жетекчиси Усама Бин Ладен менен маектешкен аз сандагы кабарчылардын бири. Бирок, учурда, эки гезиттин бул соңку кабары башка бейтарап булактар тарабынан тастыктала элек.

“Ал-Кудс ал-Араби” гезитинин билдиришинче, Стамбулдагы жардырууларды “ал-Кайиданын” түйүнүнө караштуу “Абу Хафс Ал-Масри Кошууну” аталган уюм синагогдордо Израилдин чалгындоо кызматы Моссаддын 5 агенти болгонун үйрөнгөндөн кийин ишке ашырышкан. Дагы бир жолу кайталай кетели, бул жөнүндөгү кабарлар азырынча толук тактала элек. Бирок, террор боюнча адистер окуя болоору менен эле “ал-Кайиданын” дарегине шилтеме жасап, мындайча ири өлчөмдөгү терракттарды, жергиликтүү террор уюмдарынын уюштуруусу ыктымалдан алыс экенин жана бул иштин артында кээ бир чет өлкөлөрдүн жашыруун кызматтары болушу мүмкүн экенин жоруй башкашкан эле.

Басма сөз беттеринде жана теле-каналдардагы атайын программаларда, террор бойунча адистердин жана аналитиктердин ушул өңүттөгү ой жоруулары, талаш-тартыштары тынымсыз улантылып жатат. Айрым аналитиктер ишемби күнкү жардырууларды Түркиянын башкаруудагы өкүмөтүнө Израил жана Батыш менен тыкыс байланыштарын улантпоо жөнүндө берилген эскертүү катары бааласа, айрымдары бул - Түркиянын экономикасынын бутуна кайра туруусун каалабаган чөйрөлөрдүн карасанатай иши деген пикирин билдирүүдө.

Миллийет гезитинин сайасий комментатору Фикрет Била, бул окуяны “глобалдашуу” аталган түшүнүктүн алкагында баалаш керек деген пикир билдирген. “Глобалдашуу жараяны, - дейт ал, - террорду да өзү менен кошо глобалдык өңүткө которду. Каржы булактары жагынан жана адам булактары жагынан алып карабайлы, террордук уюмдар жана алардын иш аракеттери эми дүйнөлүк мүнөздү алууда” (Milliyet. - 17.11.2003)

Алдын-ала маалыматтарга караганда, ишемби күнкү жардырууларды жанкечти террористтер ишке ашырган. Айрым кабарларда жанкечтилердин араб улутунан экендиги жөнүндө жоромолдор айтылган менен, бийлик чөйрөлөрү андай кабарларды төгүндөп, бул жагдай али тактала элек деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG