Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

ЖККУга МҮЧӨ ӨЛКӨЛӨРДҮН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛЕРИ БИШКЕКТЕ ЖОЛУГУШАТ


Эртең Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отуруму башталат. Ага катышуу үчүн 6 мүчө-мамлекеттин тышкы иштер министрлеринен тышкары уюмдун катчылыгынын жана КМШ иштери боюнча аткаруу комитетинин жетекчилери келишет.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешининин Бишкекте өткөнү жаткан отурумун Тажикстандын тышкы иштер министри Талбак Назаров башкарат. Мындай укук Тажикстанга мамлекет башчыларынын апрелде Дүйшөмбүдө өткөн отурумунда берилген. Кеңештин отурумунда 12 маселе каралышы күтүлөт. Отурумдун акырында Ооганстан боюнча билдирүү кабыл алынаары болжолдонууда.

Мындан тышкары, министрлер уюмдун бөлүгү катары саналган Канттагы аскер-аба базасын кыдырып, аскерлер менен жолугушат. Орус жана кыргыз президенттери 23-октябрда расмий ачкан бул базада азыр Орусиянын аскер-аба күчтөрү жана Кыргызстандын учактары жайгашып турат. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин КМШ иштери боюнча башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкуловдун айтымында, кокус зарылчылык болсо, Казакстан менен Тажикстандын аскер-аба күчтөрү да тартылмакчы.

- Аймактык коопсуздукка коркунуч туулган конкреттүү жагдайда бул уюмдун курамына Тажикстан Кыргызстан, Казакстан жана Орусия кирген Борбор Азия канаты аракетке келет. Беларусь менен Армения алыс, алар европалык багытта иштешет, - дейт Мамкулов.

Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында Бишкекте министрлерди президент Аскар Акаев кабыл алаары күтүлөт. Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна Беларусь, Орусия, Кыргызстан, Армения, Казакстан жана Тажикстан кирет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG