Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:25

ЖАМААТТЫК КООПСУЗДУК КЕЛИШИМ УЮМУ НАТОну ӨНӨКТӨШ КАТАРЫ САНАЙТ


Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Николай Бордюжа 18-ноябрда Бишкекке келди. Ушул эле күнү ал тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту.

Николай Бордюжа Аскар Айтматов менен жолугушууда 19-ноябрга белгиленген ЖККУнун тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкек отурумунун күн тартибин талкуулады. Соңунан Николай Бордюжа журналисттер менен жолугушту. Анда сөз Ооганстан маселесине жана ЖККУ менен НАТОнун мамилесине бурулду. Анткени бул эки маселе тең тышкы иштер министрлеринин 19-ноябрда Бишкек отурумунда талкууланчу маселелердин өзөгүн түзөт. Бордюжанын айтымында, Ооганстанда азыр согуш коркунучу жок. Бул багытта ишти жөнгө салууга Эл аралык антитеррордук коалиция олуттуу салым кошту. Бирок Ооганстанда маал-маалы менен радикалдуу, экстремисттик топтор чыгып жатат. Экинчи жагынан, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттер Ооганстан менен жакын жашап турган соң, «ал жерде тынчтык биротоло орномоюнча көзөмөлдү үзгүлтүксүз жүргүзүп турабыз» деди уюмдун баш катчысы.

- Согуштан башка коркунуч да бар. Ал – баңгизаттар. Аймакта, анын ичиндеТажикстан менен чектеш райондордо туруксуздук болуп жатат. Бул туруксуздук дагы күч алып кетиши мүмкүн. Ошондуктан тышкы иштер министрлери кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп, катчылыкка маселе коюп турушат, - деди Николай Бордюжа.

Бул отурумда НАТО менен ЖККУнун мамилесине байланышкан маселе да каралмакчы. Бирок анын чоо-жайы тууралуу маалымат берүүнү уюмдун баш катчысы да, Кыргызстандын тышкы иштер министри да ылайык көрүшкөн жок. Алар талкуу баштала электе пикир айтыш эртерээк экенин белгилешти.

- Шашпай кое туралы. Силер менен дагы жолугушканга мүмкүнчүлүк болот, - деди Аскар Айтматов.

Ал эми Николай Бордюжа түпкүлүгүндө ЖККУ НАТОну өнөктөш катары санай тургандыгын белгиледи.

- Биз НАТОну өнөктөш катары санайбыз. Өнөктөштүк азыркы кооптуу жагдайды, анын ичинде Борбор Азиядагы кооптуу жагдайды жөнгө салуу боюнча аракеттерди уюштурууда турат. Биз ушул багытка баш коюп жатабыз, бирок бул маселе азырынча талкуулана элек, - деди Николай Бордюжа.

НАТО менен Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун ортосундагы мамиле тууралуу ачыгыраак ой-пикирлер министрлердин Бишкектеги отурумунан кийин айтылышы мүмкүн. Анткени министрлер отурумдан кийин басма сөз жыйынын өткөрүүнү көздөп жатышат. Ал эми алдын-ала маалыматка караганда, кеңештин отурумунда Ооганстанга байланыштуу билдирүү кабыл алынмакчы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG