Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:18

ИРАК: ЭГЕМЕНДИК ПЛАНЫ КУБАТТАЛДЫ


Баян Жумакадыр кызы Америка Кошмо Штаттарынын Ирактагы бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү пландары Европа өлкөлөрүндө кубаттоо менен каршы алынды. Вашингтон жарыялаган планга ылайык, келээрки жылы 30-июнга чейин өлкөдөгү бийлик толугу менен Ирактын өкмөтүнө өтөт. Мындан мурда АКШ Ирактын эгемендигин калыбына келтирүү үчүн, бери дегенде, 2 жыл керек боло турганын айтып келген.

Айларга созулган кайым-айтыш менен талаштардан кийин АКШ менен Европа өлкөлөрү Ирак маселеси боюнча орток пикирге келе баштагансыды. Америка Кошмо Штаттары Ирактын эгемендигин калыбына келтирүү жараянын ыкчамдата турганын билдирди. Вашингтондун планына ылайык, өлкөдөгү бийлик келээрки жылдын 30-июнуна чейин Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүлүп берилет. Ошону менен бирге, АКШ жетекчилиги америкалык жана башка чет элдик аскерлер өлкөдө канча убакытка зарыл болсо, ошончого чейин кала бере турганын билдирди. Апта соңунда АКШнын Ирактагы атуулдук администрациясынын башчысы Поль Бремер:

"Ирактагы аскердик миссиябыздын маани-маңызы өзгөрөт. Биз оккупациялык күчтөр эмес, өлкөнүн чакыруусу менен кызмат өтөп жаткан күч болуп калабыз", - деп билдирди.

АКШнын Ирактагы согушуна башынан эле каршы чыгып, согуштан соң бийликти тез арада Улуттар Уюмуна өткөрүп берүүнү талап кылып келген Германия АКШнын бул кадамын кубаттоо менен каршы алды. Германиянын тышкы иштер министри Йошка Фишер:

"Ирактагы бийликти Ирактын өкмөтүнө өткөрүп берүүнүн мөөнөтү так белгиленгени, менин пикиримде, өтө маанилүү кадам", - деп билдирди.

АКШнын планын анын Ирак маселесиндеги элдешкис оппоненттеринин бири - Франция да жалпы-жонунан жактырды. Бирок расмий Париж бийликти өткөрүп берүү жараянын мындан да ыкчамдатуу керек деп эсептейт. Франциянын тышкы иштер министри Доминик де Виллепин "Ля Круа" аттуу француз гезитине берген интервьюсунда мындай деди:

"Менимче 30-июнь кечтик кылат. Өлкөдө жагдай өтө опурталдуу болуп турат, ошон үчүн бийликти өткөрүп берүү процесси мындан да тез жүрүүгө тийиш."

Франциянын көз карашында, ан үчүн Ирактын Башкаруу Кеңеши, Конституциялык комитети жана өлкөдөгү башка саясий күчтөрдөн Улуттук Курултай түспөлүндөгү органды түзүп, ага Ирактын убактылуу өкмөтүн ушул жылдын аягына чейин шайлоо вазыйпасын тапшыруу абзел.

Расмий Вашингтон, азырынча, бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүнүн жол-жоболорун ачыктай элек, бирок көптөгөн байкоочулар бул татаал процесс Ооганстандагыдай ыкма менен ишке ашырылаарын боолголоп жатышат.

Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча эксперт, Британиянын Ланкастер университетинин кызматкери Герд Ноннеман пландын Германия жана Франция тарабынан кубаттоо менен каршы алынганын Ирак маселесине байланыштуу АКШ менен анын НАТО боюнча Европадагы өнөктөрүнүн ортосунда кеткен жараканын бүтөлүп бараткандыгынын жышанасы деп атады. Ал эми расмий Париждин планга дале болсо алымсынбай жатканын эксперт Франциянын чыныгы каршылыгы эмес, АКШдан көз караандысыз эл аралык саясат жүргүзүү дымагы деп гана мүнөздөйт.

"Француздардын камтамачылык билдирип жатканы, алардын дүйнө саясатында көз караандысыз ойунчу болуу мүдөөсү менен түшүндүрүлөт. Бирок өзүнүн жеке көз карашынан тайбай турганын көрсөткүсү келген Франция, ошол эле маалда, эки ортодогу мамилени караманча бузуп албоо аракети менен өтө этият болуп жатканын айта кетүү керек", - деп белгилейт Ноннеман.

Ошентсе да, АКШнын Ирак боюнча жаңы планы расмий Вашингтондун Франция менен Германиянын жана башка өлкөлөрдүн кескин сынына мойун сунуп, өзүнүн позициясын өзгөртө баштаганынын белгиси деп кабылдоо керек. Эл аралык коомчулук бийлик ирактыктардын өздөрүнө өткөрүлүп берилмейин, эл аралык бейпилдик күчтөрүнө да, Иракты калыбына келтирүү ишине да, салым кошо албай тургандыктарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG