Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН БАЙЛАР МЕНЕН БИЙЛЕР УУРДАЙТ


Кыргызстан энергетикалык кризис алдында. Өндүрүлгөн электр энергиясын уурдоо өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна коркунуч туудурганы Коопсуздук кеңешинин быйыл 18-октябрда өткөн отурумунда белгиленген. Жеке колго өткөн энергетика тармагынын дебитордук карызы 2,5 млрд. сомго жетти. Президенттин 6-ноябрдагы жарлыгы менен Ош шаарынын мурдагы башчысы Жантөрө Сатыбалдиев президенттин энергетика коопсуздугу боюнча атайын өкүлү, вице-премьер-министр болуп дайындалган. 19-ноябрда ал маалымат жыйынын өткөрдү.

Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт курамында уюшулуп аткан жаңы түзүм азырынча толук ишке кирише электигин, негизинен укуктук мүмкүнчүлүктөрдү иликтеп жатканын билдирди.

- Коопсуздук кеңешинин жыйынында техникалык, коммерциялык чоң жоготуулар тууралуу кеп болгон. Мындан тышкары, тармактын абдан коррупцияланганы белгиленген, - деп айтты Жантөрө Сатыбалдиев.

Президенттин атайын өкүлү энергетика тармагын реформалоого кызыккан донор-өлкөлөрдүн өкүлдөрү, тармактын жооптуу кызматкерлери, адистер менен жолугушканын маалым кылды. Анын айтымында, энергетика тармагы болжол менен жалпы дүң продукция өндүрүшүнүн 8-10% түзөт. «Кумтөр» алтын кен өндүрүшүнүн ырааты кыйла басаңдагандан бери энергетиканын жалпы экономикадагы орду кыйла кеңейди. Ж.Сатыбалдиевдин маалыматы боюнча, карапайым калктын 80% жакыны электр акысын убагында төлөйт.

- Калктын төлөө мүмкүнчүлүгү кандай? Элдин 70-80% электр акысын убагында төлөп атат. Орто деңгээлден төмөн жашагандарда электр жылыткычтар жок. Эсептеп көрсө деле болот. Мүмкүнчүлүгү барлар төлөбөй аткандан ушундай жагдай түзүлүүдө. Байлар төлөбөй атат. Байлар төлөсө эле бул өзүнөн-өзү чечиле турган маселе, - деп айтты Жантөрө Сатыбалдиев.

Эл аралык донорлордун талабын аткарып, Кыргызстан бирдиктүү энергетика системасын жеке колго өткөрүп берген. Тармактын менчиктештирилиши тууралуу Жантөрө Сатыбалдиевдин пикири мындай:

- Бул тармакты менчиктештириш керек болчу. Бирок ага этап-этап менен өтсөк туура болмок. Мамлекеттик менчикте, акционерлешүү жүрө элек кезде деле ушул проблема бар болчу. Эл дагы, коммерсанттар дагы мурда деле төлөбөй жүрүшкөн. Эмне үчүн мурунку энергохолдингдин финансылык абалы жакшы болчу? Мунун бирден-бир себеби - ал жылдары электр энергиясын сыртка сатуу, экспорттоо жакшы жүргөн. Мисалга алсак, эң жакшы жылдары биз 3 млрд. киловатт/саат электр энергиясын сатчубуз. Энергохолдингдин тапкан пайдасынын 60-65% экспорттон түшкөн киреше түзчү. Казакстанга 4 центтен саткан учурларыбыз болгон. Ошонун натыйжасында энергетиканын ички проблемалары сыртка сатылган энергиянын эсебинен жабылып келген. Бул проблема бир эле күндө чыга калган жери жок. Үч жылдан бери биздин коңшулар сууну албай койгонуна байланыштуу электр энергиясы экспортко чыкпай калды. Ошентип бул проблема өзүнөн-өзү келип чыкты.

Тармактын коррупцияланышы тууралуу Ж.Сатыбалдиевдин пикири мындай:

- Энергетика тармагындагы коррупцияга баарынын тиешеси бар. Электр энергиясын жөн-жай адамдан баштап жетекчилерге чейин баары уурдашат. Аларды шарттуу түрдө экиге бөлүүгө болот. Бийлигине, акчасына, депутаттык кол тийбестигине жамынгандар баарынан көп уурдашат. Мындай лөктөргө каршы күрөшүү - өтө оор жумуш. Жөнөкөй адамдардын маселеси кыйла жеңил. Үч жыл эл арасында иштеп көрүп калбадымбы, карапайым калктан электр акысын чогултууда анчейин кыйынчылык жок.

Учурда тармактын 2,5 млрд. сомдук карызын жоюу иштери кызуу жүрүп жатат. Электр энергиясын уурдоочуларга, акысын төлөбөгөндөргө катаң чаралар көрүлүүдө. Мунун натыйжасында электр акынын чогултулушу кыйла арбыды. Бирок ошол эле мезгилде электр энергиясын пайдалануу мурдагыга салыштырмалуу кыйла көбөйдү. Кризиске капталчу тармактын маселелерин өкмөт административдик өмгөккө салып чечүүгө аракет кылууда.

XS
SM
MD
LG