Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:47

ОРУСИЯ: ДЕПУТАТ Г.СТАРОВОЙТОВАНЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР КАРМАЛА ЭЛЕК


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусия Мамлекеттик Думанын мындан беш жыл мурда Санкт-Петербургда белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн экс-депутаты Галина Старовойтованы эскерүүдө. Белгилүү саясатчынын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишти тергөө бүгүнкүгө дейре кандай жыйынтыктарды берди?

1998-жылдын 20-ноябры. Санкт-Петербург шаарында түнкү саат 11ге чамалап калган. Грибоедов каналынын жээгинде жайгашкан үйүнө депутат Галина Старовойтова өзүнүн жардамчысы, белгилүү журналист Руслан Линьков менен чогу кирип бараткан жеринен белгисиз адамдар тарабынан атылган окко кабылган. Руслан Линьков оор жаракат алды, ал эми Старовойтова ошол бойдон эсине келген жок.

Бул окуя - Орусиянын жаңы тарыхында алгачкы ирет жогорку тепкичтеги мамлекеттик ишмер, таанымал саясатчыны өлтүрүү фактысы катары элдин эсинде калды жана ал боюнча кылмыш иш козголуп, атайын иликтөө бригадасы түзүлдү. Беш жыл ичинде аталган иш боюнча 3000дей адам суракка алынып, 1000ден ашуун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү топтолду жана 100дөн ашуун иликтөө иштери өткөрүлдү. Натыйжада – Старовойтованы кимдер өлтүргөндүгү бүгүнкү күнгө дейре белгисиз.

Ал эми депутаттын бир тууган сиңдиси, учурда Галина Старовойтова атындагы корду жетектеген Ольга Старовойтова анын эжесин кимдер өлтүргөнүн биле тургандыгын айтат. «Алар Орусиянын саясий чөйрөсүндөгү белгилүү адамдарынын арасында жүрүшөт», - дейт Ольга.

- Эгер мен сизге алардын аттарын атасам, өзүмдү өзүм өлүмгө түртмөкмүн. Мен айрым саясий топтордун буга катыштыгы бар экендигин гана айта алам.

Орусиянын Федерадык коопсуздук кызматынан билдиришкендей, депутат Галина Старовойтованын өлүмү боюнча башталган иликтөө иши жакынкы күндөрү сотко өткөрүлүп берилет. Учурда ал кылмышка тиешеси бар деген шек боюнча былтыркы жылы кармалган алты адам айыпталууда, дагы төртөөнүн бул кылмышка катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.

Маркумду эскеруу кечесинде «Галина Старовойтова – жашоонун уландысы» деген аталышта жарык көргөн китеп окурмандарга сунуш этилди. «Ал эми Старовойтованын жакын адамдары, же жөн гана аны саясий ишмер катары таанып билгендер маркумдун музейине тынбай келип турушат», - дейт депутаттын жардамчысы, учурда ал музейге көз салып жаткан Галина Маркелова. Анын айтымында, музейде Старовойтованын тирүү кезиндегидей маал-маалы менен саясий талкуулар уюштурулуп турат.

- Биз музейге келгендер үчүн өткөрүлчү экскурсиянын соңунда баарыбыз чогу олтуруп чай ичебиз жана мамлекеттеги олуттуу маселелер боюнча ой-пикирлерибиз менен бөлүшөбүз.

Ошентсе да, бул кылмыш ишинин мүнөзү ушул тапка чейин так аныктала элек. Иликтөөнүн башында Старовойтованы саясий ишмердүүлүгү үчүн өлтүрүшкөн деген тыянакты анын жакын туугандары жана кесиптештери негиздүү деп табышкан эле. Ошол эле учурда тергөөчүлөр кылмыштын акча менен байланыштуу жактары да бар экендигин белгилешкен.

Дегинкиси, Орусия советтик доорду артка таштаган 12 жыл ичинде парламенттин жети мүчөсү киши колдуу болуп каза тапты. Ал тизмени 1994-жылы атылып өлтүрүлгөн Андрей Ардзердзис, андан бир жылдан кийин окко кабылган Сергей Скорочкин башташат. Андан кийин 1996-жылдын декабрында «Эл бийлиги» саясий тобунун мүчөсү, депутат Юрий Поляков, 98-жылы Лев Рохлин менен Галина Старовойтова, 2001-жылы Михаил Сирота, бир жылдан кийин «Либералдуу Орусия» партиясынын мүчөсү Владимир Головлев, ошондой эле быйыл депутат Сергей Юшенков бейажал өлүмгө учураган депутаттардын тизмесин толтурушту.

Алардын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштердин көбү белгисиздикке такалып, түмөн-түркүн суроолор жоопсуз бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG