Британ премьер-министринин Лондондун Доуининг көчөсүндөгү 10чу үйүндөгү резиденциясындагы жолугушууда кайсы маселелер талкууланганы жөнүндө азырынча толук маалымат жок. Бирок, маалымат булактарынын кабарларлашынча, Жорж Буш менен Тони Блэр эң алды Ооганстандагы жана Ирактагы кырдаалды, Ирактагы бийликти келерки июндан тартып, АКШ дайындаган убактылуу администрациядан ирактыктардын өз өкмөтүнө өткөрүп берүү планын тактап, пикир алышты.
Жорж Буш шаршемби күнү Уайтхолл сарайында сүйлөгөн сөзүндө, АКШ менен Британияда Ирактагы согуш боюнча келишпестиктер бар экенин мойнуна алып, мындай деген эле:
- Мурда кандай иштер болсо да, биздин алдыбызда: сөзүбүздө турушубуз керекпи же убадабызды бузабызбы деген эки суроо турат. Иракта демократия орнотулбаса, калк жакырчылыкка батып бүлүнөт жана өлкө бизди таш-талкан кылууну каалаган террорчулардын колуна өтөт. Демократия Иракта ийгиликке жетет. Себеби биз көздөгөнүбүзгө ишенебиз, тилегибиз ак жана Ирак эли өз эркиндигин колдон чыгарбайт.
Ал эми куралдуу күчтү колдонуунун зарылдыгына Буш мындай деп актаган:
- Эл бизге өздөрүнү коргоо милдетин жүктөгөн жана ал вазийпа кээ бир кезде зордук-зомбулукчул адамды күч менен тыйууну талап кылат. Башка бир учурларда биздин баарыбызды күч башкарган баш-аламан дүйнөдөн коргоо үчүн курл колдонуу зарыл болот.
Демократиялуу өлкөлөрдү тирандык жана зордук-зомбулукка көңүлкоштук менен мамиле кылууну токтотууга чакырган Буштун сөзү - Лондондо чыгуучу оңчул маанайдагы “Дейли Телеграф” гезитинин баасында-“Американын тышкы саясатын өтө кубаттуу жана ишенимдүү коргоду”.
Буш жана Блэр бейшемби күнкү кездешүүдө Кубадагы Гуантанамo түрмөсүндө кармалып жаткан британиялык тогуз атуулду Британ тарапка өткөрүп берүү жөнүндө да макулдашкан болушу мүмкүн деп билдирет маалымат булактары.
Анткени, шаршемби күнү Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл Ооган жеринде кармалган тогуз британиялыкты Британ сотуна өткөрүп берүү маселеси каралууда деп билдирген. Оппозициядагы Британ Либерал-демократтык партиясынын башчысы Чарлз Кеннединин сөзүнчө да, Буш ага АКШнын Жогорку Соту британиялыктардын туткундар боюнча өтүнүчүн канааттандырмак болуп жатканын айткан.
Уайтхоладогу кездешүүдөн кийинки маалымат жыйынында президент Буш жана премьер-министр Блэр Ыстамбулда 20-ноябрда болгон террордук жардырууларды айыпташып, Ирактагы миссиядан баш тартышпасын айтышты.
Соңку кабарларга караганда, Ыстамбулдагы эки жардыруудан кеминде 27 адам набыт болуп, 450дөй адам жараат алган.
Жорж Буш коалициялык күчтөр Иракта өз вазийпасын аяктаганча кала берет,
өлкөдөгү коопсуздукту өз колдоруна алуу үчүн 140 миңдей ирактык машыктырылат деди. Ал эми Ооганстандагы жана Ирактагы күчтөр терроризмди ооздуктоо үчүн керек деп кошумчалады Буш:
- Ооганстан менен Иракта биз чогуу бажарып жаткан демократия жаатындагы иштер глобалдык терроризмди жеңүү үчүн зарыл. Эркиндикти жайылтуу жана адамдарда алдыда мындан да жакшы жол бар деген үмүттү жандыруу үчүн, террорчулуктун үрөнүн сепкен туңгуюкка, жек көрүүчүлүккө жана жаалдашууга каршы күрөшүүбүз шарт.
Ал эми Тони Блэрдин сөзүнчө, терроризмге каршы согуш - адамдарды бөлүп жарууга умтулган фанатик-экстремисттер менен согушуу. Террорчулар Ирак эркин жана бейкут өлкө болуусун каалабайт. Мындай болгондо алардын пропагандасы ойрон болот деп аңдатты Блэр.