Стамбул шаары бир жуманын ичинде 2-жолу террордук жардырууларга туш келип, шаардын Бейоглу районундагы Британийанын башелчилик имараты жана Левент районундагы английалык HSBC банкынын башкы кеңсесинин алдында ишке ашырылган жардыруулардын натийжасында, бери дегенде 27 киши өлдү; 400гө жакын адам жарадар болду. Белгилүү болгондой, өткөн ишемби күнү Стамбул шаарындагы жөөт атуулдардын 2 синагогунун алдында жардыруулар болуп, 26 киши каза болгон эле. Ошондо жардыруулардын жоопкерчилигин Лондондо чыгуучу эки басылмага электрондук почто аркылуу кат жиберген “ал-Каида” өзүнө алган эле.
Бул жардыруунун элестери али эстен чыга электе бүгүн Стамбул шаарынын эки районунда өзгөчө кубаттуу террордук жардыруулар болду. Соңку маалыматтарга ылайык, каза болгондордун саны учурда - 18; жарадар болгондордун саны болсо 400дүн тегерегинде; ондогон тез жардам машинелери урандылардын астынан куткарылган адамдарды чөйрөдөгү ооруканаларга тынымсыз түрдө жеткирип жатышат.
Бүгүн жергиликтүү убакыт менен саат 10 жарымда, Стамбулдун Бейоглу районундагы Британийанын элчилик имаратында жана Левент районундогу HSBC аталган английалык банктын имаратынын алдында чоң жардыруулар болду. Калың таш дубалдар менен корголгон Британийанын элчилик комплексиндеги жардыруудан улам, комплексте элчилик кызматчылары иштеп жаткан бир имарат бүтүндөй урап, колдонуудан чыккан абалда. Элчиликтин тегерегинде бир чакырым радиустун ичиндеги имараттардын терезелери сынып, жүздөгөн автомашиналар жардыруунун таасиринен кыйрады. Левент районунда HSBC банкынын башкы кеңсесинин алдындагы жардыруунун натыйжасында 11 кабаттан турган имаратка чоң зыйан тийди. Алынган маалыматтарга караганда, бул имаратта да өлгөн жана жарадар болгондордун саны өтө көп болушу ыктымал.
Түркиянын Ички иштер министири Абдулкадир Аксу бүгүнкү жардыруулар өткөн жумадагы жардыруулардын экинчи толкуну болуусу ыктымал экенин айтты. Адилет (юстиция) министири Жемил Чичек болсо бул кылмыш өлкөнүн коопсуздук кызматчылары тарабынан тергелип жаткандыгын айтып, жоромол жана ушак кептердын жайылуусуна жана элдин дүрбөлөңгө кабылуусуна жол койбостук үчүн, Стамбул акимияты атайын координацийа борборун уйуштургандыгын билдирди.
Британиянын тышкы иштер министри Жэк Стро Стамбулдагы жардырууларды айыптап, бул терракттар “ал-Каида” уйумунун бардык жышааналарына ээ экендигин айтса, Түркийанын ички иштер министири да, адилет министири да жардыруулар бардык чөйрөсү менен иликтелип жаткандыгын айтуу менен эле чектелишти.
Швед өлкөсүндө сайакатта жүргөн Түркия тышкы иштер министири Абдулла Гүл дагы жардыруу окуйаларын “ал-Каидага” байланыштырууга эртелик кылаарын, ошондой еле, Түркийа террорго багынып бербей тургандыгын айтты. Ушу тапта келип түшкөн бир кабар — CNN сыналгы каналы Британийанын Стамбулдагы баш консулу Рожер Шорт (Roger Short) жардыруунун натыйжасында каза болгондугу тууралуу билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, террордук чабуул Шорт мырза консулдук имаратына кирээр учурда жүзөгө ашырылган.
Айтмакчы, Кыргызстандын Стамбулдагы консулу Дилде Сарбагышева “Азаттыктын” кызматкери Улан Эшматов менен маегинде Стамбул шаарындагы кыргызстандыктардын баары тең аман-эсен деп билдирди.