Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, «Хизбут-Тахрир», «Шарк Азаттык Түркстан», «Шарки Түркстан ислам» партияларынын жана мурда «Өзбекстан ислам кыймылы» деп аталган «Түркстан ислам партиясынын» ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул уюмдардын ишмердүүлүгүнө тыюу салыш үчүн Башкы прокуратура жыл башында сот органдарына кайрылган. Май айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Башкы прокуратуранын талабын канааттандырган. Андан кийин август айында өлкөнүн Жогорку Соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин колдогон токтомун чыгарып берген.
Мындай чечим чыгарууга эмне себеп болгондугун Башкы прокуратуранын өкүлү Бакыт Осмоналиев мындайча түшүндүрдү:
- Кыргызстан көптөгөн эл аралык келишимдерге кошулганына байланыштуу Башкы прокуратура бул уюмдарды экстремисттик-террордук уюмдар деп тааныды. Төрт уюм кокусунан эле террордук уюм деп табылган жок. Алар Кыргызстандын аймагында бир катар кылмыштарды жасашкан. Маселен, «Шарки Азатлык Түркстандын» мүчөлөрү Кыргызстанда кылмыш кылышкан. Ал кылмыштар сотто далилденип, ШАТтын мүчөлөрү камалган. «Хизб ут-Тахрирдин» кандай иш жүргүзүп жатканы баарына белгилүү. «Чыгыш Түркстан ислам» партиясы 2001-жылы ШАТтан бөлүнүп чыккан. Ал эми «Түркстан ислам партиясы» 1999-2000-жылдары Кыргызстанга кол салган «Өзбекстан ислам кыймылы» экени белгилүү.
Башкы прокуратура «бул чечим аркылуу тартип коргоо органдары ушул уюмдардын кайда жайгашкандыгын аныктап, алардын ишмердүүлүгүнүн бетин ачып, алардын мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууга шарт түзөт» деп эсептейт.
Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Абдымомунов «Башкы прокуратуранын чечими көлөкө менен күрөшкө окшошоорун» айтып, буларды билдирди:
- Биздин жетекчилик бир күч менен күрөшкүсү келет. Бирок андай күч жок. Таппагандан кийин аны жасоого аракеттенип жатат. Ошондуктан «ушундай партия, мындай уюм бар экен» деп чыгууда. Эгер ал уюмдар биздин мамлекетке каршы иш жасап жатышкан болсо, анда аларды кармап, далилдеп, соттош керек. Ал эми «сот жообуна тартылды» дегендер башка эле беренелер боюнча соттолууда. Демек, бул маселенин өзөгү менен эмес, көлөкөсү менен күрөш жүрүп атат. Биздин бийлик көлөкөнү таап алып, ошону менен күрөшүп жатат.
Башкы прокуратура тарабынан тыюу салынган 4 уюмдун экөө - уйгур уюмдары. Кыргызстандагы уйгурлардын «Иттипак» уюмунун мүчөсү Турсун Ислам Башкы прокуратуранын чечимин мындай баалады:
- ШАТ деген партия такыр жок. Бир уюм болуш үчүн анын уставы, күбөлүгү, программасы болуш керек. Андайдын бирөөсү да жок. Кытайдын таасири менен эле ШАТ жана башкаларды айта берген туура эмес. «Шарки Түркстан ислам» партиясы да буерде жок. Ал дагы кытайлардын айтуусу менен бул жерде козголуп жатат.