Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:51

МОНТЕНЕГРОДОГУ ЭЛ КАТТОО САЯСИЙ АРАЗДАШУУГА АЛЫП КЕЛДИ


Эми Балкандагы окуялар тууралуу сөз кылабыз. Черногорияда, б.а. Монтенегродо жакында пост-югославиялык доордогу алгачкы эл каттоо өткөрүлдү. Кадыресе статистикалык маалымат чогултуу жараяны бул Балкан жумуриятында саясий өнөктүккө айланып кетти. Айрым жергиликтүү аналитиктер мындай көрүнүштү сербчил оппозициянын өлкөдөгү саясий демилгени өз колуна алуу аракети катары баалап жатышат.

Өлкөнүн социалдык жана административдик пландоосу үчүн демографиялык жана экономикалык маалымат чогултуу максаты менен өткөрүлчү техникалык жараян Монтенегродо чоң саясий маселеге айланып кетти.

Акыркы жолу эл каттоо бул жерде 1991-жылдын апрель айында Югославия ыдыраганга чейин өткөрүлгөн. Былтыр жылдын башына болжолдонгон кезектеги каттоо улам кечеңдетилип, ушул ноябрдын башында өткөрүлдү.

Монтенегролуктар экономикалык жана социалдык абалы жөнүндөгү стандарттуу маалыматтан тышкары өзүнүн улуту, эне тили жана дини жөнүндөгү суроолорго жооп берүүгө тийиш эле. Аларга жооп берүү милдеттүү деп белгиленбесе да, мындай демилге өлкөдөгү саясий араздашууга жем таштады.

Монтенегро, мурдагы югослав жумурияттардын баардыгы сыңары эле, өлкөдөгү улуттар аралык жаңжалдарга күбө болгон.
Жылдар бою Сербиянын кенже шериги болуп келген Монтенегронун 600 миңдей калкы экиге бөлүнүп калган. Айрымдары толук эгемендүү жумурият болууну кааласа, башка бир даары Сербия менен тыгыз кызматташууну колдойт.

Тил дагы бул жерде өтө сезимтал маселелердин бири. Хорватия же Босниядан айырмаланып, монтенегролуктардын тили расмий түрдө сербдердикинен ажыратылбайт.

Жогоруда айтылган себептерден улам, соңку эл каттоо улуттук референдум катары кабыл алынды дейт жумурияттын борбор шаары Подгорицадагы Регионалдык жана коопсуздук изилдөөлөр борборунун директору Миодраг Влахович:

- Калкты каттоо өтө саясатташтырылып кетти. Иш жүзүндө ал референдум катары кабыл алынды. Анткени Монтенегронун саясий жана маданий турмушундагы ар бир окуя дароо улуттук аң сезим турумунан кабыл алынат.

1991-жылкы эл каттоодо 650 миң калктын 62 пайызы өзүн монтенегролук, ал эми 9 пайызы серб деп атаган.
Соңку иш-чаранын алдында айрым сербчил оппозиционерлер колдоочуларына кайрылып, өздөрүн серб деп атоодон тартынбоого үгүттөгөн. Бул үгүт иштерине Сербиянын ортодокс чиркөөсү да кошулду.

Айрым сербчил лидерлер бийликтеги коалицияны каттоонун жыйынтыктарын бурмалоого даярданып жатат деп күнөөлөп, атүгүл аны бойкоттогонго чейин барабыз деп эскерткен.
Эксперт Влаховичтин пикиринде, сербчил оппозиция бир нече утулуштан кийин өлкөдөгү саясий демилгени өз колуна алууну көздөп жатат.

- Монтенегронун саясий коому дагы деле абдан антогонисттик бойдон кала берүүдө. Өлкөдө эки чоң саясий күч бар. Анын бирөө - Социалисттердин демократиялык партиясы менен Социал-демократтардын коалициясы, экинчиси болсо сербчил турумдагы бир катар партиялар. Ошол сербчил оппозициянын мүдөөсү – соңку бир нече шайлоодогу утулуштары үчүн реванш алуу. Ошондуктан алар кадыресе статистикалык нерсени саясатташтырып жиберишти.

Сербчилдердин эсебинде, канчалык көп киши өзүн серб деп атаса, Сербия менен алакаларды өрчүтүүгө ошончолук көп негиз пайда болмокчу.

Бирок жергиликтүү “Монитор” гезитинин аналитиги Милка Тадич-Миович Слободан Милошевичтин режими учурунда өзгөчө кеңири тараган сербчил пропагандага жана Балкандагы согуштар пайда кылган качкындарга карабай, Монтенегродо серб улутундагылардын саны 91-жылга салыштырмалуу кыйла өсүшү күмөн деп айтат:

- Албетте сербдердин саны мурункуга караганда көбөйдү. Бирок Монтенегродо монтенегролуктардын саны 50 пайыздан аз деп ойлобойм. Ошондой болгон күндө, башкаруудагы коалиция эгемендүүлүк жөнүндөгү референдум өткөрүүдөн алдын жакшылап ойлонуштурушу керек.

Айрым байкоочулардын пикиринде, соңку эл каттоо башка этникалык азчылыктарга өз улутун, динин жарыялоого жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. 1991-жылкы каттоодо элдин 15 пайызы өздөрүн мусулман деп атаган. Акыркы жылдары болсо региондо славян мусулмандарынын саны алда канча көп деп айтылып жүрөт. Калктын 4 пайызы 1991-жылы улуту тууралуу суроого “югославмын” деп жооп беришкен. Югославия дүйнө картасынан жок болгондон кийин, эми алар өздөрүн ким деп эсептээр экен деген собол да ачык бойдон кала берүүдө.

Эл каттоонун толук жыйынтыктары жыл аягына чейин даяр болот деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG