Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

ТҮРКИЯ: БЕЙШЕМБИДЕГИ ЖАРДЫРУУНУН АРТЫНДА КИМДЕР ТУРАТ?


Аким Өзгөн, Измир, Түркия Бейшемки күнү Стамбул шаарында ишке ашкан террордук жардырууларды тергөө улантылып жатат. Террордук чараларга эл аралык террорчулар тармагынан жардам болбой койгон жок деген жоромолдор байма-бай айтылууда.

Стамбулда Британийанын объекттерине каршы багытталган бейшемби күнкү жардыруулардын жоопкерчилигин “ал-Каида” түйүнүнө караштуу “Абу Хафз ал-Мысри” аталган террор уйуму өзүнө алды. Ройтер маалымат кызматынын кабарына ылайык, аталган уйумдун интернетте жарыйаланган билдирүүсүндө: “Исламга каршы согушкан Британийанын бейпилдигин бузуу максатында, Британийанын Түркийадагы кызыкчылыктары бутага алынды” делинген. Стамбул шаарындагы кийинки жардыруулардын натыйжасында 27 киши, анын ичинде Британийанын Стамбулдагы башконсулу Рожер Шорт каза болуп, 450 киши жараат алды.

Жума күнү Стамбулга Британийанын тышкы иштер министри Жэк Сто келип, жардыруулар болгон Британийанын консулканасынын жана британдык HSCB банкынын имараттарын кыдырып чыкты.

Түрк жана британ тышкы иштер министрлери биргелешип басма сөз жыйыные уйуштуруп, анда түрк министриАбдулла Гүл кийинки жардыруулар менен байланыштуу 7 киши кармалгандыгы жөнүндөгү кабарларды ырастап чыкты:

- Түркийа уйумдашкан бир террор чабуулу менен беттешип олтурат. Өткөн жумада эки синагог, кечөө болсо бир банк менен Британийанын консулдук имараты бутага алынып, ондогон бейкүнөө адамдар жабыр тартты. Биз бул терракттарды катуу айыптайбыз жана жектейбиз; Түркийа террорго эч качан мойун ийбей, ага каршы күрөшүн чечкиндүү улантат. Чабуулдардын натыйжасында жабыр тарткан кишилердин арасында Британийанын Стамбул башконсулу да бар. Ушуну менен байланыштуу Британийа өкүмөтү менен элине урматтуу тышкы иштер министри Жэк Стро аркылуу көңүл айткыбыз келет.

Британийанын тышкы иштер министри Стро болсо британийалык объекттерге каршы багытталгандыгы жоромол кылынган кечөөкү жардырууларда жабыр тарткандардын бери дегенде 20сы Түркийанын атуулу экендин билдирди:

- Мен сиз аркылуу, жабыр тарткандардын жана жараат алгандардын жакындарына тууган туушкандарына көңүл айтып; жабыр тарткан Британийанын атуулдары менен байланыштуу биздин кайгыбызды бөлүшкөндүгүңүз үчүн жүрөгүмүн түпкүрүнөн ыраазычылыкгымды билдиргим келет.

Британийалык министир, ошондой эле, бул чабуулдар “ал-Каида” же аны колдогон уйумдар тарабынан ишке ашырылган болушу ыктымал экендигин айтып, террор маданий дүнүйөнүн бардык өлкөлөрүн бутага алгандыгын бышыктады. Стро Түркийага келген учурунда Стамбул аба майданында айткан сөзүндө, Түркийанын жүзү Евробиримдикке бурулгандыгы себептүү чабуулдарга учурап жаткандыгын белгилеп, бул терракттар Түркийанын Евробиримдикке толук мүчө катары кабыл алынышынын канчалык зор мааниге ээ болгондугун далилдеп олтурат, - деген пикирин айткан.

Эки министир басма сөз жыйынын өткөрүп жаткан кезде, маалымат кызматтары жардыруулардын жоопкерчилигин “абу-Хафс ал-Мысри” аталган уйум өзүнө алгандыгы тууралуу кабарларды тарката башташты. Абу Хафс ал-Мысри, же чыныгы аты менен Мухаммед Атыф, Осама бин Ладендин оң колу жана жеке жансакчысы эле. Ал Тбю-Йорктогу 11-сентябр теракты менен бир катарда, дүйнөнүн түрдүүчө аймактарындагы террордук жардыруулар менен байланыштуу кеңири таанылып, АКШ анын башына 25 миллион доллар кенемте пул койгон эле. Ал мындан 2 жыл илгери Ооганстанда америкалык кошуундар тарабынан өлтүрүлүп, көп узабай террористтер анын ысымын алган “Абу Хафс ал-Мысри” террор тобун уйуштурушту. Стамбул шаарында 2 синагог жардырылган 15-ноябр күнү анын өлтүрүлүшүнүн эки жылдык күнүнө туш келүүсү байкоочулардын көзүнүн жаздымында калбады.

Бирок, Түркийанын бийлик чөйрөлөрү да кайтама кайта билдирип келгендей, бир аптанын ичинде болгон бул 4 жардыруунун артында “ал-Каида” чындап болгондугу маселеси али так аныкталып чыга элек. Тергөө жумуштарын жүргүзүп жаткан Стамбул шаарынын Жумуруйат башкы айыптоо кеңсеси басма сөздөрдө жана электрондук маалымат каражаттарында бышып жетелек жоромол кептердин ыксыз жайылышынын алдын алуу жана элди дүрбөлөңгө салып, коомдук тартиптин бузулушуна жол койбостук үчүн, басма сөздө бул маселени көбүртүп-жабыртпай чагылдырууга чакырды.

Айтор, 5 күндүн аралыгында ишке ашырылган бул террордук чабуулдар, Түркийанын күн тартибине чоктой түшүп, эл ичинде бул кылмыштардын артындагы күчтөр жана анын мотивдери жөнүндө түрдүүчө түкшүмөл суроолор жайылып жатат. Айрым адистердин оюнча, Түркийа ПКК-КАДЕК аталган жикчил топко каршы кийинки 20 жылдан бери күрөш жүргүзүүсү менен террорду, асыресе жанкечтилик террордун ыкмаларын кыйла дурус иликтеген менен, мурдагы тажрыйбадан айырмаланып, бул жолку террордук чабуулдар жергиликтүү эмес, эл аралык мүнөзгө ээ болуу менен айырмаланып турат.

XS
SM
MD
LG