Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:46

ИРАКТА ЧЕТ ЭЛДИКТЕРГЕ КОЛ САЛУУ УЛАНУУДА


Байян Жумакадыр кызы, Прага Иракта аскердик эмес (атуулдук) объекттерге кол салуу уланууда. Жума күнү эртең менен Багдаддын чок ортосундагы эки мейманкана ракеталар менен аткыланып, андан, бери дегенде, бир киши оор жаракат алгандыгы маалымдалат. Бул кол салууга удаа эле Ирактын мунай министрлигинин имараты да ракеталык аткылоого дуушар болду. Мусулмандардын жума күнкү майрамына байланыштуу жабык турган министрликтен эч ким жабыркаган жок.

Багдадда эртең мененки саат жетиден өтө бере жасалган удаалаш чабуулдарда бул жолу чет элдиктер жашаган Палестина жана Шератон мейманканалары менен шаардын борборунда турган мунай министрлигинин имараты бутага алынды. Мунай министрлиги мусулмандардын майрамына байланыштуу жабык тургандыктан, аткылоодон адамдар жабыркаган жок. Бирок ракетанын жарылуусунан имаратта өрт чыкты.

Атылган ракеталардын бирөө 18 кабаттуу Палестина конок үйүнүн сегизинчи кабатына, дагы экөө 15 жана 16 чы кабаттарга тийген. Аткылоону көргөн кишилер Багдаддагы кабарчыбыз Валентинас Митеге Палестина мейманканасына эң эле болбогондо 8 ракета атылганын айтышкан.

"Эртең мененки 7:15 терде бүткүл айлананы солкулдаткан жардыруу болду. Дароо сыртка чыгып, ракета атуучу жыбдуулар жүктөлгөн эки эшек арабаны көрдүм. Палестина мейманканасынын үстүңкү кабаттарын мээлеп, бери дегенде, 8 ракета атылды. Ракеталар 14 жана 17 кабатка тийгендей болду", - деп билдирген бейтааныш араб.

Американын Ирактагы компанияларынын биринде иштеп, Палестина конок үйүндө жашап жаткан 49 жаштагы америкалык жаран Стивен Акана ракетадан ал турган 15-кабаттагы кошуна бөлмө катуу жабыркаганын айтат. Аткылоодон мейманкананын лифттеринин бири талкаланып, терезелеринин быт-чыты чыккан.

Ракеталардын экөө, ошондой эле, "Палестина" конок үйүнө ирегелеш турган Шератон мейманканасына тийген. Кабарчыбыз Валентинас Митенин маалыматына караганда, туш тарабынан корук менен тосулуп, чычкан жойлогус кылып күзөтүлгөн мейманканаларды эртең мененки сааттарда полиция курчап алып, ал жерге эч кимди жакындатпай жатты. Багдадда иштеп жаткан журналисттер Палестина мейманканасына беш ракета тийгендигин айтып жатышат. Алар ошондой эле мейманканадан башынан жараат алып, кан жалаган бир кишини медиктер дары тамчылаткан калыбында, замбилге салып, ооруканага алып кеткенин көрүшкөн. Маалымат агенттиктери эки имаратка тең катуу заян келтирилип, ичиндеги тургундар эвакуацияланганын айтып жатышат.

Кол салуу болоору менен мээленген объекттердин айланасын тинтип чыгышкан америкалык солдаттар танапташ көчөлөрдөн жанагы араб сөз кылган эки эшек арабаны табышкан. Алардын бирөөнө орнотулган ракета аткыч, - мейманканаларды, экинчисиндегиси - мунай министрлигин мээлеген экен. Ал атуучу жабдуулар 30 ракета чыгарганга кудуреттүү болуп чыкты. Бактыга жараша, ракеталардын бир кыйласы, эмнегедир, жарылбай калган. Эшек арабага жүктөлгөн бир ракетомет, ошондой эле, Италиянын Багдаддагы элчилигинин жанынан табылгандыктан, Багдаддагы коопсуздук күчтөрү элчиликке пландаштырылган кол салуунун алдын алышканын айтып жатышат.

Бул кол салуулардын артында америкалык оккупацияга каршы күрөшүп жаткан партизандар тургандыгы божомолдонууда. Чабуулдарды эшек арабалардан жасаган согушкерлер коопсуздук күчтөрүнүн шегин туудурбас үчүн түрдүү айла- амалдарды ойлоп таба баштаган шекилдүү. Ирактагы чет элдик атуулдар жана коалициялык оккупациялык бийликтердин кол алдында иштеп жаткан Ирак өкмөтү согушкерлердин негизги бутасы болуп кала берүүдө.

Чет элдиктер жашаган “Палестина” жана “ал-Рашид” деген мейманканаларга мындан мурда да бир нече курдай чабуулдар жасалып, андан аскери эмес кишилер жабыр тарткан. 8-апрелде Багдадда Саддам Хусейин менен америкалык аскерлердин салгылашуулары жүрүп жаткан кезде, мейманкана америкалык танктын таамай мээлеген соккусуна кабылган. Андан согушту видеотасмага тартып жатышкан испаниялык жана украиналык журналист мерт болгон.

XS
SM
MD
LG