Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

ГРУЗИЯДАГЫ САЯСИЙ БАШ АЛАМАНДЫК


Грузин оппозициясынын миңдеген жактоочулары Тбилисинин борбордук көчөлөрүндө кала берүүдө. Алар кечээ парламенттин имаратын жана президенттин кеңсеси жайгашкан Мамлекеттик канцелярияны ээлөө менен өлкөдө "жибек революциясы" ишке ашты деп жарыялашкан. Президент Эдуард Шеварднадзе ишембидеги окуяларды "мамлекеттик төңкөрүш" катары баалады жана өлкөдө өзгөчө абал киргизди. Армия азырынча ишке аралаша элек. Тирешүүнү тынчтык жолу менен чечүүгө үндөгөн чакырыктар грузин өкмөтү менен оппозициясынын дарегине дүйнө өлкөлөрүнөн жана эл аралык уюмдардан айтылып жатат.

Грузин оппозициясы парламент имаратын өлкөнүн быйыл 2-ноябрда шайланган парламенти алгачкы жыйынына чогулган кезде басып алды. Бул учурда парламент трибунасында президент Эдуард Шеварднадзе сүйлөп жаткан эле. Оппозициянын жактоочулары жыйындар залына каптап киргенде, ал жансакчыларынын жардамы менен андан качып чыгып кетүүгө мажбур болду. Муну менен Грузиянын жаңы шайланган парламентинин иши үзгүлтүккө учурады. Оппозициячыл мүнөздөгү саясий уюмдар шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай келишкен эле. Расмий маалыматтар боюнча анда 21% добуш менен өкмөтчүл партиялардын "Жаңы Грузия" үчүн деп аталган саясий блогу алдыга чыккан. Азыркы окуялар Грузияда ошол парламенттик шайлоодон соң тутанган саясий кризистин уландысы болуп эсептелет. Добуш берүүнүн жыйынтыктары бурмаланды деп эсептеген оппозиция андан бери президент Эдурад Шеварднадзенин отставкасын талап кылган минтингдерди такай өткөрүп келди. Бирок, президент Э.Шеварднадзе мындай талаптардан улам эле кызматынан кетпесин азыр да айтууда. Ал ишембиде орун алган окуяларды "мамлекеттик төңкөрүш" катары баалады жана өлкөдө өзгөчө абал киргизди. Президент өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, эгер жаңы шайланган парламент 48 сааттын ичинде өзгөчө абал жөнүндөгү жардыкты беките албаса, ишке армия аралашат.

Грузин оппозициясы болсо анын лидерлеринин бири Михаил Саакашвилинин сөзү менен айтканда, ишембидеги окуяларды" жибек революциясынын" ишке ашышы деп эсептейт. Оппозиция лидерлеринин дагы бири, кызмат мөөнөтү аяктаган парламенттин төрайымы Нино Буржанадзе өлкөнүн утурумдук президенти деп жарыяланып, ал Конституцияга ылайык мамлекет башчысынын милдетин жаңы шайлоолор өткөнгө чейин 45 күн аткараарын билдирүүдө. Расмий кабарларга караганда, Эдуард Шеварднадзе учурда шаар четиндеги резиденциясында иштеп жатат.

Оппозиция менен бийликти өз ара тирешүүсүн тынчтык жолу менен чечүүгө, сабырдуулукка үндөгөн чакырыктар Грузиянын дарегине КМШ өлкөлөрүнөн, АКШдан, Британиядан, БУУдан, ЕККУдан, КМШ өлкөлөрүнөн айтылды.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер белгилегендей, Вашингтон Грузиядагы окуялардын тездик менен өнүгүшүнө байкоо салып турууда жана тараптарды баарынын кызыкчылыгын канааттандыргандай мунаса табууга чакырат. Кечээ кечинде Мамлекеттик катчы Колин Пауэлл менен президент Э.Шеварднадзенин телефон сүйлөшүүсү болду. КМШ өлкөлөрүнүн атынан уюмдун азыркы төрагасы - украин президенти Леонид Кучма грузин оппозициясынын аракеттерин "конституциялык " эмес деп атап, аларды айыптады. Учурда Тбилисиде орус тышкы иштер министри Игорь Иванов жүрөт. Ал эки тарап менен жолугушууларды өткөрмөкчү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG